Биз менен байланышыңыз

Түштүк аймактагы аэропорттор кыш мезгилине даяр

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 275 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалы, «Раззаков», «Баткен», «Жалал-Абад» жана «Кербен» аэропортторунда кыш мезгилине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө кепилдик берүүчү кызматтар жана атайын техникалар толук даяр. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, техникалык тейлөө учуунун жана авиациялык коопсуздуктун бардык зарыл чараларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Учурда бардык кызматтар теориялык жана практикалык аттестациядан ийгиликтүү өтүп, кесиптик квалификациясын жогорулатышты.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы өлкөнүн түштүк аймагындагы аэропортторунда олуттуу чоң өзгөрүүлөр болуп, материалдык-техникалык база чыңдалып, аэропорттор реконструкциялоо, модернизациялоодон өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM