Биз менен байланышыңыз

Бакировдун мандатынан ажыратылышы боюнча депутаттардын пикири

Саясат | 14 Сен 2023 | 463 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы мыйзамга каршы болгонун айтышууда. Көпчүлүгү бул маселеде БШК менен сотту айыпташып, добуш сатып алууну эки жылдан кийин караганы туура эмес экенин белгилешүүдө. Бул парламент жыйынында да талкууга алынды. Ал ортодо Өмүрбек Бакировдун ордуна анын үстүнөн арыз жазган атаандашы Равшан Рысбаев депутат болуп келип, өз ишин баштады.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо өткөн жылы Бакировдун штабынын жетекчисинин үстүнөн добуш сатып алуу боюнча арыз түшкөн. БШК ишти карап, «мындай аракет болгон эмес» деген чечим чыгарган. Бакиров андан кийин мандат алып, парламентке келген.

Жогорку Кеңештеги «Элдик» топтун мүчөсү, депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, шайлоо бүткөндөн кийин талапкердин же ага иштегендердин үстүнөн түшкөн арыз-даттанууларды, кайрылууларды  БШК, укук коргоо органдары үч күндөн бир айга чейинки аралыкта карап чыгып, же талапкердин добуштарын жокко чыгарат, же депутаттык мандат берет. Ал эми Өмүрбек Бакировдун үстүнөн түшкөн арызга эки жылдан кийин кайрылып жатышканы күмөн ойлорду жаратат.

«Бакировдуку эки жыл өтүп кеткенден кийин каралып жатат. Биринчиден, соттор туура эмес чечим чыгарды. Ошол эле учурда БШК да өзүнүн чечимине бекем тура албай, күмөн ой жаратып жатат. Эгерде сот Бакировдун мандатын алып, Равшан Рысбаевге берилсин деген чечим чыгарса, БШК дал ошондой чечим чыгарса болот эле. БШК акылга сыйбас чечим чыгарып жатат. Биз бул окуяны териштирүү үчүн Жогорку Кеңештин жыйынына БШКны чакырдык, алдыда жообун угабыз».

Эл өкүлү  Жалолидин Нурбаев БШКнын ишинде түшүнүксүз жагдайлар орун алып жатат деген ойдо. Ошондой эле Бакировдун иши кайрадан каралып, күнөөсү жок болсо, мандаты кайтарылып бериши керек деп кошумчалады.

«Бакиров бир жылдан ашык иштеп жатпайбы, бул ишти кайра карап чыгып, эгерде күнөөсү жок болсо, ордуна келиш керек деп ойлойм».

Ал эми Ырысбек Атажанов БШКнын жана соттун чечими мыйзам чегинде болгон деп эсептейт.

«Азыркы учурда бир мандаттуу шайлоо округунда бир топ маселелер жаралып жатат. Бирок, менин оюмча, мыйзам чегинде эле аракет көрүлүп жатат.  Мыйзамда кандай каралса, дал ошондой болуп жатат. Сот чечим чыгарды, алардын чечимине биз макул болушубуз керек».

Эске салсак, парламенттик шайлоодо №4 Көк-Жар округунан талапкер болгон Равшанбек Рысбаев «жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу» Өмүрбек Бакировдун үстүнөн Бишкек административдик сотуна арыз жазган. Сот 7-июнда Бакировду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарып, бул чечимди Бишкек шаардык соту да, Жогорку Сот да күчүндө калтырган.

Үч соттун чечиминен кийин Борбордук шайлоо комиссиясы да ишти карап, бир добуштан Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгарышып, ордуна Равшанбек Рысбаевди Жогорку Кеңештин депутаты кылып катташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM