Биз менен байланышыңыз

Депутат Бишкектеги жол тыгынына нааразычылыгын билдирди

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 312 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Бишкектин түштүгүндөгү автобус тилкелеринен улам жаралып жаткан тыгынга нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, мурда Асанбай кичирайонунан шаардын борборуна 25 мүнөттө жетсе, азыр 1,5 саатта жетүүгө болот.

«Мэриянын чечими менен тыгындар пайда болууда. Алар Түштүк магистралда эле эмес, башка жакынкы көчөлөрдө да болуп жатат. Бул тилкеден автобустар жарым саатта бир өтөт экен. Башка убакта бош турат. Унаалардын көптүгүнөн тыгындан жүрүү кыйын болуп жатат», — деди ал.

Депутат Министрлер кабинетинен бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууну өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM