Биз менен байланышыңыз

Рекетчиликтин айынан 15 жашар өспүрүм көз жумду

Коом | 13 Сен 2023 | 550 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 15 жашар өспүрүм рекетчиликтин айынан көз жумду. Бул фактыны Кара-Суу РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, учурда тергөө жүргүзүп жатат.

Каза тапкан Аскаттын апасы Разия Бөрүбаева уулу 30-август күнү «мектепти Билим күнүнө жасалгалайбыз» деп кеткенин билдирди. «Мектепке барам» деп кетип, үйүнө сөөгү келген Аскаттын апасы аны башка бирөөлөр ур-токмокко алып, таштап кетишкенин, өспүрүм ал жерде бир сааттай жатканын айтат. Ал эми мугалимдер баланын мектепке чакырылганын четке кагып жатышат.

«Балдар өлүп калат деп ойлошкон эмес, балам таяк жеген жеринде бир-эки саат жатып калыптыр, биринчи жардам да көрсөтүшкөн эмес. Акыры балдар унаага салып, ооруканага алып барганда каза болуп калган экен. Бизге кантип айтарын билишпей жүрө беришиптир. Бизге райондук милиция кабарлады. Балам буга чейин тентектик кылган балдардан эмес болчу. Бизге деле «балдар салык салып жатат» деп такыр айткан эмес. Балдар акчасын ала албаса жок дегенде бир жерин сындырып койсо эмне! Бизге балдардын жакындары кечирим сурап келип жатышат. Бирок алар өкүнгөнү менен мен баламды кайрый албайт экем да!»

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурпери Абдуллаеванын айтымында, рекетчиликтин алдын алуу максатында түшүндүрүү жүргүзүлүп келгенине карабастан, ушундай окуялар орун алып калууда.

«Окуя болгон күнү эле кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүргүзүлүп баштаган, учурда уланып жатат. Ошондуктан толук маалымат да бере албайбыз»

Балдар психологу Асел Сулайманова мындай окуялардын алдын алуу үчүн тарбия завуч жана ата-эне баланы урушпай, өзүнүн тилинде сүйлөшүүсү зарыл экенин баяндады.

«Мектеп психологу болгондуктан мен мындай окуялардын кандай болорун жакшы билем. Бул жерде тарбия завуч иштеген эмес. Анткени иш алып барылган жактарда мындай көйгөй болбойт, жок дегенде маселе өлүмгө жетпей чечилет. Анан албетте ата-эне да балдарына жакшы көңүл бөлүшү зарыл. Балага бирөө кыйноо көрсөтүп жатканы бала менен сүйлөшкөндө эле билинет. Урушпастан, балдар менен жай гана анын тилинде сүйлөшүп, көйгөйүн чечүү керек».

Бүгүнкү күндө шаардагы мектептерде гана психологдор балдар менен иштейт. Ал эми айыл аймактарда тарбия завуч иш алып барат. Кыргызстанда мектептеги рекетчилик көйгөйү буга чейин да бир канча ирет көтөрүлүп, ондогон окуучулардын өлүмүнө себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM