Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны 15ке жетти

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 1736 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны 2-августка карата 15ке жетти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр: Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчекеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев, Бакыт Шаршембиев, Нургүл Сооронбаева, Мурат Эсенаманов, Ыргал Кадыралиева.

Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Бир мандаттуу Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 10-август күнү саат 18:00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.

100 миң сом төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны бербеген депутаттык мандат үчүн талапкерлер катталбайт. Талапкерлер атайын эсепке акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматты жума сайын, ал эми БШКнын талабы боюнча 24 сааттын ичинде берип турууга милдеттүү.

Талапкер болууга арыз бергендин бири Эртай Исаков Сокулук райондук сотунун чечими менен таза сууну талап кылган нааразылык акциясынан кийин бейбаштыкка шектелип, эки айга камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM