Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 203 | 0

Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министр Тилек Текебаевдин айтымында, эми жол сызыктары чийилген соң чектөөлөр алынат.

«Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деп жазды Текебаев.

Туннелге асфалть төшөө иштери 26- июль күнү башталган. Министрлик 10-августка чейин асфалть төшөө иши болоорун, ал аралыкта 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизилээрин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM