Биз менен байланышыңыз

Талибдердин «Коштөбө» каналын Кабул менен Ташкент чогуу курабы?

Дүйнө , Саясат | 26 Июн 2023 | 1540 | 0

Ооганстандын учурдагы бийлиги «Талибан» өкмөтү «Коштөбө» каналын казууга киришкен. «Бул курулуш ишке ашса, Өзбекстан менен Түркмөнстанды кургакчылык басат» деген тынчсыздануулардан улам өзбек бийлиги нааразычылык билдирген. Ооган тарап каршылыктарга карабастан канал казууну токтотпой турганы маалым болду.

Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамроев 20-июндагы маалымат жыйында «Талибан» өкмөтү менен Кабулда болгон жолугушуусу тууралуу жарыялап, ооган тарапка да түшүнүү менен мамиле кылышарын билдирди.

«Биз Кабулга барып, бул канал курулса, Өзбекстандын бир топ аймагы кургакчылыкка кабыларын айтып, тынчсыздануубузду билдирдик. Алар: «Тынчсызданып жатканыңарды түшүнөбүз, бирок бизди убагында Англия, СССР, андан кийин Америка басып алган. Баары биздин кен-байлыктарды талап-тоноп, душмандык кылган. Учурда бизди эч бир өлкө расмий тааный элек. Чоң суммадагы каражаттардын банктык эсептери тоңдурулган. Фонддордон акча ала албайбыз. Элибиз ачка, биз да жашашыбыз керек, бир нерсе эгип, жан багуубуз керек. Ал үчүн бул канал, суу бизге өтө зарыл», — дешип, маселени түшүндүрүүгө аракет кылышты».

Министрдин айтымында, Өзбекстан тарап «Коштөбө» каналынын курулушуна караманча каршы эмес. Болгону айрым кызыкчылыктарды коргоону талап кылышат. Ошондой эле Хамроев талибдер чийген долбоордо ката-кемчиликтер көп экенин айтып, канал казууну эки өлкө биргеликте ишке ашыруу сунушун берүүнү мерчемдеп жатышканын маалымдады.

«Бизде тажрыйбалуу долбоорчулар, атайын институт бар, биргеликте жасайлы» дедик. Каналдын долбоору боюнча алты вариант даярдалган. Баарын терең карап чыккам. Биз: «Канал эки элди уруштурган эмес, бириктирген достук каналы болуп калса», — дейбиз. Алар макул экендигин билдиришти. Биз аларга жардам берип, биргеликте жумушчу топ түзө тургандай макулдашабыз».

Маалым болгондой, Өзбекстандын расмий өкүлчүлүгү жакында Ооганстанга барып, «Коштөбө» каналынын долбоору менен таанышат. Андан кайсы жерден кандай жардам берсе болорун сүйлөшүп, макулдашууга кол коюшат.

«Алар сууну бурабыз деп куруп жатат, баары бир алышат. Бул жерде «кыласың, кылбайсың» деген эч нерсе жок. Тарыхты карай турган болсок, бүгүнкү күндө да абалга карап, белгилүү бир өлчөмдө суу алууга укуктары бар. Бардык тарабын карап чыккандан кийин жумушчу топ иш алып барат».

«Талибан» өкмөтү канал казары ушул жылдын март айында белгилүү болгон. Долбоорго Өзбекстан тарап тынчсыздануусун билдирген. Алардын айтымына караганда, бул Борбор Азиядагы эң ири канал болуп, курулуш аяктаса, Амударыянын үчтөн бирин Ооганстан өзүнүн аймагына алып кирип кетет. Ал Өзбекстан менен Түркмөнстандын суу ресурстарына чоң коркунуч жаратат.

Ооганстандын түндүгү аркылуу өткөн канал 285 чакырымга созулуп, 100 метр жазылыкта, 8,5 метр тереңдикте казылып жатат. Долбоор беш жылга пландалган. Канал бүтсө, Ооганстандын дыйканчылыкка эң ыңгайлуу үч району суу менен камсыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM