Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга болгон эки күндүк мамлекеттик сапары башталды. Бүгүн президент Садыр Жапаров Германиянын президентин Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында тосуп алды.
Расмий тосуп алуу салтанатынан кийин эки өлкө президенттери тар жана кең чөйрөдө сүйлөштү. Жалпы сүйлөшүүдө саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы бекемдөө тууралуу сөз болду. Андан сырткары орус-украин согушу, анын Борбор Азия жана Европага тийгизген таасири айтылды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү эки жарым эсе өскөнүн белгилеп, мындан ары да тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
«Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосунда ишке ашпай келген чоң потенциал бар. Мен Штайнмайер мырзага аны ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди жасоону сунуштадым. Мурдагыдай эле тышкы саясаттагы башка негизги багыт болуп, Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташуусу саналат. Бул да биздин сүйлөшүүбүздүн темасы болду. Акыркы жылдардагы динамика Борбор Азия аймагынын мааниси өсүп жатканын көрсөтүүдө. Кыргызстан ар дайым ачык регионалдык кызматташтыкты жактап келген жана ушул принципти карманууну улантууда».
Садыр Жапаров өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү экендигине токтолду.
«Германия саясий аброюнун жана экономикалык потенциалынын аркасы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде биз үчүн да үлгү болуп саналат. Биз демократиялык баалуулуктарды — Германияда жогору бааланган негизги эркиндиктерди жана адам укуктарын тең бөлүшөбүз. Биз үчүн өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү».
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаров менен сүйлөшүү учурунда Орусия-Украина согушун да козгоду. Айрыкча, Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Орусия менен чектешпеген аймактарга согуштун таасири канчалык тийип жатканына, Кыргызстандын Орусия менен мамилесине токтолду. Ошондой эле БУУнун жыйынындагы резолюция кабыл алуу учурунда Кыргызстан өз позициясын карманганын эске салды. Андан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге да токтолду.
«Кыргызстан коррупция менен күрөшүүгө өтө дыкат көңүл буруп жатканы экономикалык өсүштү да шарттайт деп белгилегим келет. Ошондой эле биз калыбына келүүчү энергия булактары боюнча да пикир алыштык. Германия күндөн, шамалдан, суудан алынуучу энергияны өнүктүрүүгө кызыкдар. Гидроэнергетика жаатында кызматташа алабыз деп билем. Анан да климаттын өзгөрүүсү, өзгөчө тоолуу мамлекеттерде көп жылдык мөңгүлөрдүн тез эрип жатышы учурда дүйнөдө курч турган көйгөйлөрдүн бири. Бул жаатта Кыргызстандын жасап жатканы аракеттери абдан маанилүү. Мындан тышкары биз маданий-гуманитардык жаатта да кызматташтыгыбыз бекем деп белгилегим келет».
Штайнмайер Орусия менен Украинанын ортосундагы мамилени 20-июнда Казакстанга болгон сапарынын алкагында да Касым-Жомарт Токаев менен талкуулаганын казак басылмалары жазып чыкты.
Саясат талдоочу Эдил Осмонбетовдун пикиринде, Орусия-Украина согушу постсоветтик өлкөлөргө өз таасирин тийгизип жатат. Акыркы учурда Европадан, Америкадан жогорку даражадагы адамдардын келиши Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын ордун, даражасын көтөрүүдө.
«Орусия менен Украинанын ортосундагы мамиле бир жылдын ичинде постсоветтик өлкөлөргө өз таасирин берип жатат. Борбор Азия бүгүнкү күндө геосаясий атаандаштыктын аянтчасы болуп калды. Себеби Кытайдын, Орусиянын, Евробиримдиктин, АКШнын ортосунда жайгашкан. Жарым жылдын ичинде Америка Кошмо Штаттарынан, Евробиримдиктен жогорку даражалуулардын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга келиши Борбор Азиянын, Кыргызстандын дүйнөлүк күн тартибиндеги ордун, даражасын көтөрдү. Менимче, бул — жакшы кадам».
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Кыргызстан экономикалык жактан кызматташтыкта бир гана Кытай менен чектелип калууда. Аны менен катар Европа Биримдиги айрым өлкөлөргө берген преференциялардын жалпы системасын колдоно албай жатканыбызды белгиледи.
«Дүйнөлүк экономика чоң үч экономикадан турат: АКШнын, Евробиримдиктин жана Кытайдын экономикасы. Биз Кытай менен соода-сатыкта тыгыз иштешип жатабыз. Ал эми Европа, Америка менен соода-сатык алакабыз аз. Биздин бардык мүмкүнчүлүк, потенциалыбыз ишке ашпай келе жатат. Бүгүнкү күндө дүйнө өзгөрүп жатат, биздин эле приоритет эмес, Европа өлкөлөрү, анын ичинде Германиянын да приоритети өзгөрүүдө. Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан — Германия үчүн артыкчылык багытка ээ. ВСП+ маселесин да президент көтөрдү, биз ушул артыкчылыгыбызды колдоно албай келе жатабыз. Евросоюздун рыногу — дүйнөдөгү эң чоң рыноктордун бири. Бирок биз өндүрүш товарларыбызды, өзгөчө айыл чарба продукциясын киргизе албай жатабыз. Биздин бул жааттагы маселебизди Штайенмайер Германиянын Өкмөтүндө жана Евросоюзда көтөрөрүн айтты».
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүү эки жарым эсеге өстү.
2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда биринчи жолу Кыргыз-герман ишкер кеңеши түзүлгөн, анын кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын ноябрында Германияда өтөт. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга үчүнчү жолу келди. Буга чейинки сапаларын Тышкы иштер министри катары жасаган.