Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстандын футболчулары Оман менен 3-орун үчүн ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 20 Июн 2023 | 843 | 0
Кыргызстан-Иран оюну, 16-июнь.

Бүгүн, 20-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын командасы менен ойнойт.

Улуттук кураманын Оманга каршы оюну Ташкенттеги (Өзбекстан) «Пахтакор» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.

«Ак шумкарлар» эл аралык мелдеште «В» тайпасында Ооганстан жана Иранга каршы оюн өткөрдү. Алгач Ооганстандын  курамасын 1:0 эсебинде утса, Иранга каршы оюнда 1:5 эсебинде утулуп калды. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

CAFA Cup-2023 турнири алкагында 17-июнда Ташкентте «A» тайпасында Түркмөнстан-Оман жана Өзбекстан-Тажикстан оюндары болгон. Биринчи оюнда Оман курамасы 2-0 эсеби менен утса, экинчисинде талаа ээлери 5-1 эсеби менен жеңишке жеткен.

Жыйынтыгында өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген Өзбекстан жана Иран курамалары финалда ойнойт. Тайпада экинчи орунду камсыздаган Кыргызстан менен Омандын футболчулары турнирдин коло медалдары үчүн кез келет.

Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курама командасы 17-июндан бери Ташкентте оюнга даярдык көрүп жатат.

Кыргызстан — Оман оюнунда өзбекстандык калыс Ахрол Рискуллаев калыстар тобун жетектейт.

Санжар Шаюсупов жана Мухаммед Реза Мансури башкы калыска жардам беришсе, Хасан Акрам резервдик арбитрдин милдетин аткарат.

Өзбекстандык адис турнирде буга чейин орун алган Кыргызстандын Иранга каршы оюнун тейлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM