Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан курамасы Иранга утулуп калды

Кыска кабар , Спорт | 17 Июн 2023 | 653 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогу үчүн болгон беттеште Ирандын футболчуларына 5:1 эсебинде утулуп калды.

Оюн кечээ, 16-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадионунда өттү. Кыргызстан курамасынын жалгыз голун оюндун экинчи таймында Мирлан Мурзаев киргизди.

Эми Кыргызстан үчүнчү орун үчүн беттешет. Оюн 20-июнда Ташкент шаарында өтөт.

Футболдук беттешти көрүүгө мамлекет башчысы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган бийлик өкүлдөрү да келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM