Биз менен байланышыңыз

Футбол: Бүгүн Кыргызстан Ирандын командасы менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 16 Июн 2023 | 497 | 0

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо CAFA Nations Cup турниринин тайпалык баскычынын алкагында Иран менен Кыргызстандын курама командалары футбол ойнойт.

Оюн саат 21:00дө башталат.

Эки турдун жыйынтыгы менен турнирдик тизмеде Кыргызстан менен Ирандын командалары 3 упайга ээ.

Тайпада биринчи орунду ээлеген команда турнирдин финалына чыгып, В тайпасында 1-орунду камсыздаган Өзбекстандын курама командасы менен ойнойт.

Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, өзбекстандык калыс Ахрол Рыскуллаев Кыргызстан-Иран беттешинде калыстар тобун жетектейт.

Санжар Шаюсупов жана Хусрав Сыдыкгез башкы калыска жардам беришсе, Гулмуроди Садулло резердик арбитрдин милдетин аткарат.

Футбол оюну учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого Бишкек милициясынын 2 миңден ашык кызматкери тартыларын милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM