Биз менен байланышыңыз

Валерий Кичин Иранга каршы оюнда улуттук курама менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 13 Июн 2023 | 379 | 0

Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин курамага кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 16-июнда «Ак Шумкар» улуттук курама командасы Иран менен беттешет. Атаандаштардын арасында дүйнөлүк деңгээлдеги оюнчулардан куралган элиталык курам бар.

CAFA Nations Cup-2023 оюндарында улуттук курама менен ойноого Алимардон Шукуров менен Кожо Жоэлдин Бишкекке учуп келиши күтүлүп жатканы айтылган.

Алдыдагы беттеште жаракатынан улам Бекжан Сагынбаев менен Николай Давыдов курамдан чыгууга туура келет. Жаракат алган оюнчулардын ордуна Кайрат Изаков чакырылган.

10-июнда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлгөн CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдеште Кыргызстандын курама командасы 1:0 эсебинде Ооганстандын курамасын утту.

Эми Кыргызстан «В» тайпасында Ирандын командасы менен 16-июнда ойнойт.

Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM