Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги турнирде Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрү 9 медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 5 Июн 2023 | 198 | 0
Алмаз Сманбеков - Бекзат Алмаз уулу финалдык беттеште. Сүрөт "Спутник Кыргызстан" сайтынан алынды

Бишкек шаарында өткөн Каба уулу Кожомокул жана Раатбек Санатбаев дүйнөлүк рейтингдик турниринде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары 3 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль алышты.

Кыргызстандын эркин күрөш командасынан 10 салмак категориянын 9 категориясында жалпы 19 балбан катышкан.

Алтын медаль:

Алмаз Сманбеков (57 кг)

Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг)

Орозобек Токтомамбетов (70 кг)

Күмүш медаль:

Бекзат Алмаз уулу (57 кг)

Алибек Осмонов (65 кг)

Коло медаль:

Абдымалик Карачев (61 кг)

Икрамжан Хажимуратов (65 кг)

Эрназар Акматалиев (70 кг)

Адилет Маратбаев (79 кг)

Кыргыздын даңазалуу балбандары Каба уулу Кожомкулдун, Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган дүйнөлүк рейтингдик мелдеш кечээ, 4-июнда жыйынтыкталды. Ага 36 мамлекеттен 600гө жакын балбан катышты.

Турнирди Кыргызстандын күрөш федерациясы Дүйнөлүк күрөш уюму менен биргеликте өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM