Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги турнир: Бирдей салмактагы эки кыргыз балбан финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 4 Июн 2023 | 215 | 0

Бишкек шаарында өтүп жаткан Кожомкул Каба уулу жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эркин күрөш боюнча 57 кг салмактагылар арасында эки кыргыз балбан финалга чыкты.

Бир салмакта күрөшкөн кыргызстандыктар Бекзат Алмаз уулу менен Алмаз Сманбеков эми алтын медаль үчүн беттешет.

Эки балбан тең чейрек финалдан баштаган. Бекзат Алмаз уулу алгачкы атаандашы өзбекстандык Нодиржон Сафаровду 6:2 эсебинде, жарым финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 8:5 эсебинде утуп, финалдык баскычка өттү.

Ал эми Алмаз Сманбеков чейрек финалда кытайлык Ванхао Зоуну 3:1 эсебинде, жарым финалда грузиялык Бека Бужиашвилини 4:2 эсебинде жеңип, финалга өттү.

Алтын медаль үчүн беттеште эки кыргызстандык бири-бири менен күрөшө турган болду. Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Ушул эле салмакта килемге чыккан Бекболот Мырзаназар уулу квалификациялык беттеште кытайлык Ванхао Зоуга 8:6 эсебинде алдырып жиберди.

Айта кетсек, борборубуздагы Bishkek Arena спорт комплексинде өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш бүгүн жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM