Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштандыны туш келди ыргаткандарга айып пул салынат

Блог , Коом | 19 Апр 2023 | 315 | 0

Бишкек шаарында таштандыларды туш келди, башаламан таштагандарга айып пул салына баштады. Бул боюнча шаарды көрктөндүрүүгө көзөмөл кылган инспекция «Тазалык» ишканасы менен бирге рейддерди жүргүзүп жатат. Анын алкагында эки күндө үч райондо алты тартип бузуу аныкталып, 45 миң сом айып салынды. Таштандыны атайын белгиленген жерге таштабагандарга канча сом айып салынат? Айып төлөөдөн баш тарткандар жоопко тартылабы? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө муниципалдык инспекциясынын бөлүм башчысы Жусупбек Жакыпов менен маектештик.

— Таштандыны ар кайсы жерге таштагандарга канча сом айып салынат?

— Таштандыларды атайын белгиленбеген жерге таштаган бардык жаранга жана юридикалык жактарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде тийиштүү чаралар көрүлөт. Эгерде укук бузуу фактылары катталса, эсептик көрсөткүч боюнча жоопко тартылат. Тактап айтканда, жеке жактарга жана жарандарга 5 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Ошондой эле 115-берененин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, атайын жайларга катуу турмуш-тиричилик таштандыларын, өндүрүштүк таштандыларды таштаган, жалбырактарды өрттөгөн жеке жактарга 7 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

— Бул демилгенин иштешине кайсы мекеме жооптуу? Кантип көзөмөлдөнөт?

— Бишкек шаарынын аймагындагы таштандыларды туш келди таштап, укук бузгандарга жана шаардын тазалыгына терс таасирин тийгизгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, көзөмөлдөө, тийиштүү чараларды көрүү мэриянын муниципалдык инспекциясынын ыйгарым укуктарына кирет. Ошондой эле ишкана шаардагы тазалыкты камсыз кылышы жана менчигинин түрүнө карабастан өз алдынча иш жүргүзгөн имараттардын айланасындагы тазалыкты талап кылышы керек.

— Айып пул төлөөдөн баш тарткандар кандай жоопкерчиликке тартылат?

— Салынган айып пулду 100 күндүн ичинде төлөбөсө, эки эсе көбөйөт. Айып пулу бар жеке жарандар тийиштүү мекемелерден маалымат ала алышпайт, чек арадан өтө алышпайт, башкача айтканда, бардык тарабынан чектөө киргизилет. Ал эми юридикалык жактардын айып пулу эки эсе көбөйүп кетсе, сот аткаруучуларга өткөрүп берилет.

Шаарда акы төлөбөй эле өндүрүш таштандыларын таштаган учурлар көп. Мэрия мындай таштандыларды чыгарууда техникага оордук жаралып бузуларын, аларды жүктөө үч эсе көп убакытты талап кыларын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM