Биз менен байланышыңыз

Бардык маселеде «эксперт» боло бербеңиз…

Блог | 18 Апр 2023 | 711 | 0

Жазуучу Саймон Синек (Simon Sinek) лидерлик боюнча кеңештери менен белгилүү. Ал 2011-жылы бестселлер болгон «Эмне үчүн деген суроо менен баштоо: Улуу лидерлер баарын иш кылууга кантип шыктандырат?» деген китепти жазган. Китеп Синектин атактуу TED-баяндамасында айтылган идеяларды кеңейтип сүрөттөйт. Ал TEDди 33 миллиондон ашуун адам көрүп, эң көп көрүлгөн баяндамалардын ичинен 30-орунду ээлеген.

Саймон Синек жакында эле акылмандыкты аныктаган ойлору менен бөлүштү. Ал сүйүктүү темаларынын биринде сүйлөп жатып, жакшы лидерлер менен улуу лидерлерди айырмалап турган нерселер тууралуу пикирин «Мыкты лидерлер өздөрүн эксперт деп эсептешпейт, алар өздөрүн үйрөнүүчүмүн деп эсептешет», — деп билдирди.

Сиз менин жазгандарыма назар салсаңыз, бул кеңештин күйөрманы экенимди билесиз. Мындан бир нече ай мурун мен Сатя Наделла менен ушундай ой бөлүшкөм, ал Microsoft кызматкерлерин «баарын билген» адам болууга эмес, тескерисинче, «баарын үйрөнөм» деген адам болууга үндөгөн.

Эмне үчүн эксперт эмес, өзүңүздү үйрөнүүчүмүн деп эсептешиңиз керек? Биринчиден, ар тармакта ар кандай адам өзүн эксперт деп атай алат. LinkedInде «эксперт» деген сөздү издесеңиз, 4,5 миллиондон ашык текстти табасыз. Албетте, мындай ой жүгүртүү коркунучтуу.

«Кайсы тармакта болбосун, өзүңүздү «эксперт» атасаңыз, ал өз дараметиңиздин четине жеткениңизди билдирет, — деп жазат Inc. кесиптешим Мэнди Антониаччи: — Бул сиздин карьераңызда укмуштуудай туу чокуга жеткениңизди жана белгилүү бир предмет боюнча билимге чаңкооңуз басылганын билдирет».

Сиз үчүн маанилүү темаларга келгенде, билимге болгон кызыгууңуз эч качан суубашы керек. Ким өзүн эксперт деп эсептесе, аларга ишенбегиле, алардан башка тарапка качкыла.

Билимге басым жасоо башкалардын сизге болгон көз карашынан айырмаланып, негизги каалооңузду үзгүлтүксүз өнүгүү жолуна өзгөртөт. Эгер сиз чыныгы үйрөнүүчү болсоңуз, анда каталарды «кемчилик» деп эсептебейсиз, жөн гана үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болуп саналат. Мындай ой жүгүртүү сиздин жумушка жана жашоого болгон мамилеңизге жакшы таасирин тийгизет. Таасирдүү лидерлер ушинтип жаралат.

Биз [бул адамдарды] лидер деп атайбыз, албетте, жетекчи болгону үчүн эмес. Лидерлер белгисиз тарапка же кооптуу жерге чуркаганга даяр. Лидерлер өз элин коргоо жана өнүтүрүү үчүн өз жанын да тобокелге салууга даяр. Мен ошондой улук, чындап көрүнүктүү адамдар менен жолуккам. Алар лидерлик жөндөмдөрүн тынымсыз өркүндөтүү үчүн бүт күчүн сарпташат.

Чыныгы лидерлик – жетүүчү даража эмес, ата-энени балалуу болууга тарбиялаган сыяктуу өнүктүрө турган чеберчилик. Сиз эч качан эксперт ата-эне боло албайсыз. Бирок машыгууну жана көнүгүүлөрдү жасоону уланта берсеңиз, качандыр бир убакта туура жолду табасыз. Андыктан башкы директор же кызматкер, ата-эне же бала, жаш же карысызбы, эсиңизде болсун: эксперт болбоңуз, үйрөнүүчү болуңуз, анткени окуу, изденүү токтосо, өсүү да токтойт.

Которгон: Дүйшөн Шаматов 

Макаланын оригиналын окуу үчүн шилтемени басыңыз.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM