Connect with us

«Кыргыздын көөнө мурастарын сактап калалы». Тарыхый жайлар тууралуу маек

Блог | 18 Апр 2023 | 887 | 0

Бүгүн, 18-апрель — тарыхый жайлардын, эстеликтердин эл аралык күнү. Бул күн тарыхый жайларды билүү, коргоо, сактоо максатында кесиптик дата катары кабыл алынган.

Кыргызстандагы тарыхый-маданий мурастар, эстеликтер тууралуу «Марал» радиосунун түз эфиринде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов маалымат берди.

Бул күн 1982-жылы ЮНЕСКО тарабынан негизделип, 1984-жылдын 18-апрелинен бери белгиленип келет. Максаты: элдин көңүлүн маданий, тарыхый мурастарды сактоо жана коргоо көйгөйлөрүнө буруу.

Кыргызстанда таш доорунан берки тарыхый жайлар бар

Негизинен биздин өлкө тарыхый-маданий мурастарга бай аймак болуп эсептелет. Анткени таш доорунан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адам баласы туруктуу жашап келгендиктен калтырган маданий мурастары көп.

Өлкөдөгү 2,5 миңдей тарыхый жай Маданият министрлигинин тизмесине алынып, анын 583ү республикалык эстелик деп таанылган. Алардын ичинен төрт объекти ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине кирген.

Мисалы, 2009-жылы Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тарыхый жайы, «Улуу Жибек Жолунун боюндагы тарыхый-маданий мурастар» деген номинация менен Чүй өрөөнүндөгү Бурана, Ак-Бешим, Красная Речка деген жайлар жогоруда айтылган тизмеге киргизилген.

Жалал-Абаддагы Шах Фазил күмбөзү

Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жайгашкан тарыхый жайларды «Улуу Жибек Жолунун боюндагы тарыхый-маданий мурастар» деген номинация менен ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракети көрүлүп жатат. Алсак, Жалал-Абад облусундагы Шах Фазил күмбөзүн киргизүү керек. Бул — Борбор Азиядагы сейрек кездешкен тарыхый мурастардын бири.

Шах Фазил күмбөзү — архитектуралык күмбөз. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафедбулан айылына жакын жайгашкан. Ислам дининин айрым өкүлдөрү экинчи Мекке аташкан Шах Фазилдин тарыхы XI-XII кылымдарга барып такалат. Эң кызыгы, Сафедбулан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу.

Андан тышкары Ош облусундагы Даван мамлекетинен калган тарыхый эстеликтерди да коргоп калуу керек. Мисалы, Шоро-Башат чалдыбары бар. Андан тышкары Караханиддер мезгилинде борбор болуп турган Өзгөн шаарындагы эстеликтер, Ош облусундагы «Сүрөттүү таш» археологиялык эстелиги, Баткен облусунун Кайрагач айылындагы көрүстөн, таш куралдар жана башка онго жакын тарыхый эстеликти ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү пландап жатабыз.

Тарыхый эстеликтер оңдоого муктаж. Канча акча кетет?

Бул тарыхый-маданий мурастарыбыз реставрациялоого муктаж. Анткени Таш-Рабат, Бурана, Өзгөн, Манастын күмбөзү сыяктуу тарыхый жайлар СССР учурунда капиталдык оңдоодон өткөн. Эгемендик алган жылдары бул ишке акча туруктуу бөлүнбөй, капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй, азыркы учурда авариялык абалда. Тез аранын ичинде жакшыртып, туристтик жайларга айлантуу керек.

2022-жылы 28-декабрда президенттин жарлыгы чыгып, мамлекет тарабынан тарыхый-маданий мурастарды колдоо максатында атайын тапшырмалар берилген. Жарлыктын негизинде беш жылдык план иштелип чыгууда. Биз өлкөдөгү оңдолушу керек болгон жайларга канча акча кетерин болжолдуу түрдө эсептеп чыктык. Алдын ала 500 млн сомдон, 1 млрд сомго чейин талап кылынат экен.

Бул каражат эмненин негизинде эсептелди? Тарыхый-маданий жайларды изилдөө, оңдоо иштерин жүргүзө турган адистер бар, ошолор аныктаган эмгектин негизинде эсептелди. Бизде археологиялык чалгындоо иштерине уруксат алган 15 археолог адисибиз бар.

Биз жылына 100 млн сомдой сарптай турган болсок, өлкөдөгү тарыхый жайлар, эстеликтер дагы 30-50 жылга чейин сакталмак. Азыр Финансы министрлиги менен макулдашуу жүргүзүлүп жатат.

Шекер айылына «Чыңгыз ордо» музейи түзүлөт

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлүп өскөн Кара-Буура районунун Шекер айылына «Чыңгыз ордо» музейин түзүү планы бар болчу. Атайын каражат бөлүнүп, 2016-жылы иш башталган эле. Бирок бөлүнгөн акча максатсыз пайдаланылганы аныкталып, кылмыш иши козголгон. Бирок ал кайра калыбына келтирилип, иштер улантылганы жатат.

Бул жерде чоң комплекс курулушу керек. Жазуучунун чыгармасына байланыштуу элестүү жайлар салынып, эгер каражат туруктуу бөлүнсө, туристтик жай болот.

Мисалы, «Жамийла» повестинде Шекер айылында Маймак станциясына чейинки аймакта тынымсыз барып турат эмеспи, ошол жерди да туристтик жайга айлантсак дейбиз. Туристтер ошол ат арабага минип, станцияга чейин барып, чыгармадагыдай элес берилсе. Концепциясы түзүлгөн, алгачкы акча бөлүнүшү керек.

Бишкекте дагы бир музей пайда болот

Бишкек шаарында жалпысынан 271 тарыхый-маданий мурас эсепке алынган, анын басымдуу бөлүгүн айкелдер түзөт, ошондой эле архитектуралык, археологиялык эстеликтер да бар.

Мисалы, Жибек Жолу менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде борбордун байыркы тарыхын чагылдырган «Кузнечная крепость» деген чалдыбар бар. Бул — VIII-X кылымдарга таандык тархый жай. Азыркы күндө 1-2 гектардай аймагы сакталып калды. Бирок калктуу конуш болгондуктан аянтынын көп бөлүгүнө үйлөр жана башка курулуштар түшүп кеткен. Сакталып калган бөлүгүнө музей куруу тууралуу концепция иштелип чыгып, мэрияга, президенттин администрациясына сунушталган. Эгер колдоо тапса, ал жерде да музей пайда болот.

Бишкек шаары айкелдердин мекенине айланды

Чынында Бишкек шаарында эстеликтер көбөйдү, бизде мамлекеттик, коомдук ишмерлер көп болгондуктан баары эле борбордук көчөлөргө же скверлерге айкел орнотууга аракет кылышат. Ошондуктан «Бишкек башкы архитектура» мекемеси тарабынан шаарда айкел, мемориалдык такта сыяктуу эстеликтерди орнотууну чектөө сунушталган. Бул ишке аша турган сунуш деп эсептейбиз. Себеби башка мамлекеттерди да карасак, адамдардын айкелинен башка кызыктуу объектилерге туристтик маани берилет. Бизде СССР учурунан калган түшүнүк, скульптуралык, бирдей типтеги айкелдер көп.

Саясий тарыхты эле эмес, маданий мурасты да тааныйлы

Өлкөдөгү тарыхый жайлар жайгашкан жерлердин туруктуу жашоочулары алардын сакталышына дагы көбүрөөк жоопкерчиликтүү, себеби алар эстеликтерге кандай мамиле кылуу керектигин билет, сырттан келген адамдарга артыкчылыктарын айтып бере алат. Акыркы убакта кош көңүл мамиле кылган учурлар көп. Бирок аймактарда атайын мекенчил жарандар да бар. Мисалы, тарыхый эстеликтерди сактап калууда өздөрүнүн сунуштарын тынымсыз Маданият министрлигине жөнөтүп турушат.

Жогоруда айткан мамлекеттик программада коомчулукту окутуу, түшүнүгүн кеңейтүү, маалымдоо өзүнчө бөлүк катары каралып, атайын иштер жүргүзүлөт. Коомчулук деле түшүнүшү керек, маданий, тарыхый жерлерди сактоо, өнүктүрүү экономикалык жактан да пайда алып келет.

Жаңы тарыхтын ачылыштары

Жаңы ачылып жаткан тарыхый жайлар боюнча мектеп программасына да киргизип, окутуу тапшырмасы коюлган. Себеби биздин окумуштуулар, изилдөөчүлөр тарабынан акыркы жылдары жаңы тарыхтын булактары, объектилери ачылган.

Алардын бири Кочкор өрөөнүндө 30дан ашык байыркы рун жазуулары табылды. Бул 2000-жылдан бери изилденген эстеликтер.

Дүйнөдө жок Саймалуу-Таш

Кыргызстанда уникалдуу тарыхый жайлар көп. Мисалы, дүйнөнүн эч бир мамлекетинде кездешпеген Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш тарыхый эстелигин айтсак болот. Ал деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашканы үчүн ландшафты, уникалдуу сүрөттөрү менен баалуу, өзгөчөлөнүп турат. Аны ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракети 1990-жылдардан бери жүргүзүлүп келет. Себеби туристтерди тарта турган болсок, адам канчалык көп барса, антропогендик фактор менен аны сактоо татаал болуп жатат. Анткени туура эмес басып, же сүрөт тарта калышат, башкача айтканда, талкалап албашыбыз керек, балким туристтердин санын чектөө керек.

Азыр ал жер ачык асман алдындагы даяр турган музей катары туристтер арасында өтө популярдуу жай.

Кыргызстандагы тарыхый жайлардын 5%ы гана изилденген

Тарых изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча, биздин өлкөдө тарыхый-маданий мурастардын 3-5 пайызы гана изилденген, башкача айтканда, катталып, коргоого алынган. 95 пайызы изилдөөнү талап кылат. Дагы ачыла элек тарыхый эстеликтерибиз жер астында турат. Ошону сактап калуу максатында айрым мыйзамдарга өзгөртүү да киргизилген.

Мисалы, жерлерди трансформациялоодо, каръерди иштетүүдө же жол курууда, же бак тигүү үчүн жер өздөштүрүүдө долбоорлоонун алдында Маданият министрлигинин корутундусу талап кылынат. Иш жүргүзүлө турган аймакта тарыхый-маданий мурастар жайгашып калган болсо, аны аныктоо үчүн атайын изилдөөчүлөр, археологдор иштейт. Бул талап акыркы беш жылда жолго коюлуп калды. Мунун жыйынтыгында жылына жүздөгөн эстеликтерди таап, сактап калып жатабыз.

Мисалы, былтыр Балыкчы-Кочкор жолу салына баштады, башталганда эле бешинчи чакырымында биздин заманга чейинки II-III кылымдарга таандык коргондор казылып алынды. Жол куруу иштерин токтото туруп, археологдор жайы менен иштеп, 40тай коргонду казып алышты.

Андан сырткары Түндүк-Түштүк жолу салынып, Жумгал тарабынан өтүп жатпайбы, ал жерден да 60ка жакын эстеликти таап чыгышты, алар музейге өткөрүлүп берилгени турат. Жаңы тарыхка таандык буюмдар табылды.

Биз жогоруда айткан мамлекеттик программанын алкагында, ар бир облуста бирден-экиден музей курууну пландап жатабыз.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM