Биз менен байланышыңыз

Бүргөндү: Кыргызстандын көгүлтүр отуна Өзбекстан ортоктош болууда

Саясат , Экономика | 14 Апр 2023 | 746 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын адистери Кадамжай районундагы жер астындагы газ кампасын биргелешип пайдалануу үчүн калыбына келтирүү иштерин баштады. Февраль айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн энергетика министрлери «Түндүк Сох газ кампасын биргелешип пайдалануу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө» келишимге кол коюшкан. Айрым адистер эки мамлекеттин газ кампасын чогуу иштеткенин туура деп эсептешсе, кээ бирлери кооптонуп жатышат. Аталган газ кампаны чогуу иштетүүдө эмнелерди эске алуу керек?

Кадамжай районунун Бүргөндү аймагындагы жер астында жайгашкан газ кампасын калыбына келтирүү, Өзбекстан менен биргелешип пайдалануу максатында кыргыз-өзбек мекемелер аралык жумушчу тобу 10-апрелде Кадамжай районунда жолугушкан.

Өзбек тараптан Энергетика министрлигинин жумушчу тобу түзүлүп, алар 10-апрелде Кыргызстандын Кадамжай районуна барып, долбоордун алкагындагы изилдөө иштери менен таанышкан.

Газ кампасын Өзбекстан менен чогуу иштетүү боюнча Кыргызстандын Энергетика министрлиги маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов газ кампасы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Жер астындагы кампада 2,5-3 млрд куб метр газ бар. Анын ичинен 1,3 млрд куб метри колдонууга болот, калганы буфердик зонада. Бул кышкысын өрөөнгө күн сайын 13 миллион кубометр газ бере алабыз дегенди билдирет».

Bright Uzbekistan басылмасы жазган маалыматка караганда, «Түндүк Сох» газ кампасы 1976-жылы курулуп, андан кийин талаштуу аймак болуп келген. Газ кампанын негизги бөлүгү Кыргызстанда, компрессорлору Өзбекстанда жайгашкан.

Энергетика маселелери боюнча адис Калый Рахимов «Түндүк Сох» газ кампасын чогуу иштетүү чечимин туура деп эсептейт. Ал бул жерде эч кандай кооптонуу жок экенин айтат.

«Газ кампасын чогуу иштетүүгө макул болуу керек. Чогуу иштетсе болот. Бул жерде эч кандай коркунуч жок. Тартып алмак беле. Негизгиси, биздин аймакта жайгашканы баарына белгилүү. Ижарага берсе да, чогуу иштетсе да болот. Жарымын Кыргызстан, калганын Өзбекстан алып турат. Кыргызстан өзү иштеткенге күчү жетпейт да. Ошондуктан айла жок чогуу иштетүүгө аргасыз болуп жатат. Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен бул келишимге кол коюшту деп ишенем».

Ал эми энергетика маселелери боюнча дагы бир адис Мырзатай Султаналиев газ кампаны Кыргызстан өзү иштетсе жакшы болмок деген пикирде.

Анын айтымында, газ кампасын иштетүүдө эки тарапка бирдей мүмкүнчүлүк болушу шарт. Ошондой эле ал аталган газ кампасын Өзбекстан менен чогуу иштетүүдө эмнелерди эске алуу керектигин айтып берди.

«Бул газ кампасы акыркы жылдары иштетилбей калган. Ал кампа биздин аймакта жайгашкан. Эгер Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү болсо, өзүбүз эле колдонсок жакшы болмок. Бирок бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Эртең толтурганга газ жок. Биринчиден, ичиндеги газды кандай кылып колдонушат. Эки тарап бирдей колдонушу керек. Толтурганда да бирдей болушу керек. Каражат жагы да тең бөлүнүшү керек. Мындан сырткары бул кампаны колдонуу үчүн эксплуатация кылуу керек. Ал үчүн да каражат керектелет. Аны да эки жак чогуу сарпташы зарыл».

2011-жылы Жогорку Кеңеш ошол кезде Өзбекстандын «Өзбекнефтегаз» компаниясы иштетип жаткан «Түндүк Сох» газ сактоочу кампасын жана «Түндүк Сох» менен «Чоң Кара-Калча» газ-мунай кендери чыккан жерди Кыргызстанга алуу тууралуу токтом кабыл алган.

Маалымат боюнча «Чоң Кара Калча» жана «Түндүк Сох» мунай кендери 1955-жылы ачылып, ошол кездеги расмий Орусиянын көрсөтмөсү менен Өзбекстандын нефти газ тармагы иштете баштаган.

Кыргыз Өкмөтү 2022-жылдын июнь айында газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча улуттук оператор катары «Кыргызнефтегаз» ишканасын түзгөн. Ага ылайык, Кадамжай районунун «Түндүк Сох» мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык жайлар «Кыргызнефтегазга» өткөн.

Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги жер астындагы газ кампа Кыргызстандын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик мекемесинин карамагында.

Copyright © 2017 Maral FM