Биз менен байланышыңыз

Кызматтан кетирүүгө алып келген чиновниктердин тиреши

Саясат | 16 Апр 2023 | 649 | 0

Жума күнү президент Садыр Жапаровдун чечими менен Ош облусундагы үч жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Алардын кызматтан кетүүсүнө милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы себеп болгону айтылды. Буга чейин Ош облусунун жетекчиси Жамалдиновго карата жерлерди мыйзамсыз басып алууга байланыштуу сындар айтылып келсе, жетекчинин орун басары Жаныкуловдун пара алып жаткан видеосу социалдык тармакка тарап, кызуу талкууга алынды. Ошол эле замат президент Ош облусуна жаңы жетекчи дайындап, ал бүгүн өз ишине киришти. Президенттин кадр саясатына алдыда кененирээк токтолобуз.

Кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишин текшерүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилген.

Мамлекет башчысынын чечими менен:

— Жамалдинов Зиядин Исламович Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан;
— Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан;
— Ногоев Турусбек Молдобекович Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулду.

Президенттин башка бир жарлыгы менен Элчибек Жантаев Президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалып, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 14-апрелде облустук администрациянын жамаатына тааныштырды.

13-апрелде социалдык тармакка Данияр Жаныкуловдун иш бөлмөсүндө тартылган тасма тарады. Ал жерден орун басардын Керимберди Макеев (2019-жылы ««АККА» ЖАК компаниялар тобунун директорлор кенешинин мүчөсү болгон) аттуу жаран, Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу менен жолугушуулары, Жаныкулов менен Эрмек Муратбек уулунун акча санап жатышканы тартылган.

Интернетке тараган видеодон кийин Данияр Жаныкулов түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Ош облусу жөнүндө имидждик видеоролик тартылышы керек болуп, кызмат акысы 2 миң долларга (140 мин сом) бааланган. Экөө санап жаткан акча ошол роликтин авторуна берилген. Бирок ал акчанын кайсы булактан алынганы айтылган жок.

«Мамлекеттик бюджеттен акча жеп же коррупциялык элементтерге аралышып, эч кандай күмөндүү иштерди кылган жокпуз. Муну Кудай алдында Рамазан айында айта алам. Бул видео боюнча актанууга да негизибиз жок. Себеби муну эч кандай кылмыш жана мыйзам бузуу деп эсептебейм. Айтылган маселелердин баары, операциядан кийин көрүп келгени анык, анын жашыра турган эч нерсеси жок. Видеодо Эрмек Муратбек уулу да турат, ал биздин өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы. Экөөбүз кабинетте акча санап жаткан видеону чыгарган экен. Биз президенттин тапшырмасы менен Ошту таанытуу үчүн 2000 долларга, башкача айтканда, 140 миң сомго 15 минуталык ролик тарттырганбыз. Биринчи 100 миң сомун бергенбиз. Ошол акчаны эсептеп жатканыбызды тартыптыр. Ал акчаны алган бала да аны тастыктап бергенге даяр».

Данияр Жаныкулов видеону атайылап Оштун жетекчиси Зиядин Жамалдиновдун тууганы, акимчиликтеги IT-адис Нургазы Жамалдинов жасаганын «Фейсбукка» жазган.

Ал эми Зиядин Жамалдинов журналисттерге берген маегинде Жаныкуловдун доосун четке кагып, ага каршы эч нерсе кылбаганын билдирген.

Парламенттин 9-марттагы жыйынында депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Эмилбек Жусупов, Надира Нарматова жана Алишер Козуев Жамалдиновго байланыштуу маселе көтөргөн. Анда гектарлаган жерди ээлеп алганы, инвесторлорду иштетпей жатканы жана кадр саясатына аралашары сындалган.

Көп өтпөй Жамалдинов ага карата айтылган айыптарды төгүндөгөн.

Депутат Надира Нарматова президенттин ишеничин актабаганы үчүн кызматынан бошотулганын туура чечим катары колдоодо.

«Мен буга чейин болгон чындыкты айткам, мен жөндөн-жөн айтпайм. Президенттин чечими туура, ишенип койгондор ошентип саботаж кылып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жүргөн болсо, президенттин ишеничин актабаганы үчүн бошотуптур. Ош облусу аябай чоң аймак болгондуктан жетекчиси жоопкерчиликтүү болушу керек».

Журналист Канышай Мамыркулова президент Садыр Жапаров өзү бийлик башына даярдыксыз келгендиктен, ар ким сунуштаган кадрлар эки айга жетпей кызматынан кетип жатат деп эсептейт.

«Эң эле өкүнүчтүүсү, чиновниктердин «милдет менен жоопкерчилик» деген көрсөткүчү четте калып жатат. Акыркы жылдарда кыргыз саясатында «кызматтан кеткенчекти пайдасын көрүп калуу» деген түшүнүк орун алып калган. Демек, мындан кийинкилери деле ушул жол менен кете бериши мүмкүн. Бул албетте жалпы мамлекетке кедергисин тийгизет. Эң негизгиси, бийликтин өзүндө орун-очок алып, элдин ишеним артышына доо кетирет».

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай да ушул эле ойду колдоп, Кыргызстанда бийликке келүүгө «баюуга болгон аракеттер» шык боло турганын, бул көрүнүш бир адамдын жоопкерчилигинде болуп жаткан президенттик башкарууда да жоюлбаганын сындады.

«Бизде мамлекеттик кызматтарда бийликтин архитектурасы башкача түзүлүп калган. Азыр ошолор бир жагынан ишке ашып жатат. Негизи эле бизде көп жылдан бери калыптанып калган нерсе эмне? Бийликке келген кишинин биринчи максаты: жемкорлук аркылуу өзүнүн чөнтөгүн толтуруу. Акча төлөп бийликке келүү, кызмат алуу, анан анын ордун толтуруу үчүн жемкорлукка баруу Аскар Акаевдин бийлигинен башталган. Өзгөчө акимдер жерлерди ээлегени боюнча соттордо тергөө иштери бар. Көбүнчөсү козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө менен бошогон. Бирок ошондой жорук жаңы президенттин тушунда болуп жатканы өкүнүчтүү». 

Ош облустук прокуратурасы президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун ишин текшере баштаганы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM