Биз менен байланышыңыз

Акы төлөнүүчү жолдордун артыкчылыгы эмнеде?

Блог , Коом | 14 Апр 2023 | 553 | 0

Жогорку Кеңеш «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзамга ылайык, өлкөдө акы төлөнүүчү жолдор системасы ишке кирет. Анын алкагында Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорду түзүү, уюштуруу жана пайдалануу, ошондой эле аларды курууга, реконструкциялоого жана башкарууга инвесторлорду тартуу каралган. Акы төлөнүүчү жолдордун артыкчылыгы эмнеде? Булар жаатта кененирээк маалымат алуу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Абсамат Талантбек уулу менен маек курдук.

— «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоору кандай максатты көздөйт? 

— Мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул мыйзамда акы төлөнүүчү жолдорду түзүү боюнча эле маселе каралган эмес. Мындан сырткары жалпы автомобиль жолдоруна тиешелүү маселелер бар. Ал эми акы төлөнүүчү жол — бир гана багыт. Мыйзам долбоор жол тармагын жакшыртуу, өнүктүрүү максатында эл аралык тажрыйбага таянып жазылган. Ага ылайык, санариптик чечимдерди ишке ашыруу, процесстерди жакшыртуу, жол тармагын оптималдаштыруу иштери аткарылат.

— Кандай жолдорго акы төлөө киргизилет жана алардын артыкчылыгы эмнеде?

— Акы төлөнүүчү жолдорго кайсы жолдор киргизилери так аныктала элек. Себеби бул мыйзам долбоору менен болгону укуктук негиз гана каралып жатат. Ошондуктан кайсы жолдор экени тактала элек. Мындай жолдордун артыкчылыктары көп. Алсак, көздөгөн жерге тезирээк жетсе болот. Себеби ал эң кыска маршрут менен салынган жол болот. Ошондой эле ал жерде уруксат берилген ылдамдык да жогору болот. Мындан сырткары унаалар аз болгондуктан да тыгындар жок болот. Унаанын амортизациясын үнөмдөсө болот.

— Жол акысы белгилендиби?

— Акы төлөнүүчү жолдордун акысы азыркы күндө аныкталган эмес. Себеби учурда укуктук негиз гана даярдалып жатат. Эгер укуктук негиз бекитилсе, жолдун баасын аныктоо иштери башталат.

— «Акы төлөбөйм» деген айдоочуларга башка альтернативалуу жолдор каралабы?

— «Акы төлөбөйм» деген айдоочулар сөзсүз болот. Ошондуктан мыйзам долбоорунда «альтернативалуу акысыз жол болушу керек» деген тийиштүү пункт каралган.

— Маегиңизге ырахмат!

2019-жылы Транспорт министрлиги Кыргызстандагы жолдорду оңдоого, калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттин күчү жетпесин билдирген.

Министрлик акы төлөнүүчү жолдордон түшкөн каражат жолдорду оңдоого жана жакшыртууга жумшаларын айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM