Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси дээрлик 24 млрд сомго өстү

Экономика | 12 Апр 2023 | 621 | 0

Финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттин кирешеси дээрлик 24 млрд сомго өскөнүн билдирди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча быйылкы жылдын биринчи кварталында бюджеттин кирешеси 66 миллиарддан ашык сомду түздү. Жалпы киреше боюнча план 5 миллиондон ашык сомго, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 23%га көп аткарылган. Муну менен катар Мамлекеттик бажы кызматы биринчи кварталда 20 миллиард сом төлөм чогултуп, планды 105%га ашык аткарган. Ал эми Салык кызматы жылдын биринчи кварталында 54,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган.

Бүгүн Финансы министрлигине караштуу кызматтар быйылкы жылдын биринчи кварталындагы иши боюнча отчёт беришти.

Финансы министринин орун басары Улан Даникеев республикалык бюджеттин кирешеси 23,8 млрд сомго өскөнүн белгиледи.

Ал алдын ала эсептөөлөр боюнча үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республикалык бюджеттин кирешеси 66 млрд 344,6 млн сомду түзгөнүн маалымдады. Өсүш салыктык да, салыктык эмес да кирешелердин көбөйүшү менен камсыз болгон.

«Жалпы киреше боюнча план 5 млн 488,4 миң сомго (9%га көп) ашык аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин кирешеси 23,8%га же 12 млрд 761,5 млн сомго көбөйгөн. Ошондой эле мамлекеттик инвестицияларды эске алуу менен расмий трансферттердин түшүүсү 1 млрд 561,7 млн сомду түздү. 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 600,8 млн сомго азайган».

Ал эми мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү 68 млрд 349,8 млн сомду түзүп, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 19 млрд 262,4 млн сомго көп болгон.

Чыгаша бөлүгүнүн көбөйүшү бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын, ошондой эле пенсияларды, жөлөк пулдарды жана чыгашалардын башка социалдык маанилүү статьяларын аларды көбөйтүүдөн кийин төлөөнүн эсебинен шартталган.

Муну менен катар Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында бажыдан 20,7 млрд сом төлөм чогултуп, планды 105%га ашык аткарганын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев кабарлады.

Анын айтымында, министрлик 2023-жылдын биринчи жарымына Бажы кызматына 19,7 млрд сом чогултуу планын койгон, ал эми бажы төлөмдөрү 1 млрд сомго ашык чогултулду.

«Январь айына карата 5,7 млрд сом чогултуу пландалган, натыйжада 6,1 млрд сом чогултулуп, план 105,8%га ашык аткарылган. Бул 2022-жылдын ушул айына салыштырмалуу 330 млн сомго көп. Февраль айына карата 6,4 млрд сом чогултуу пландалган, 6,5 млрд сом чогултулуп, план 101,5%га ашык аткарылган. Бул өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу млрд сомго көп. Март айына карата 7,6 млрд сом чогултуу пландалган, 8,1 млрд сом акча чогултулуп, план 107,5%га аткарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 млрд 629 млн сомго көп чогултулган».

Мындай өсүш Салык кызматында да байкалган. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов биринчи кварталда 54,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналганын маалымдады.

Анын айтымында, пландык көрсөткүчтөр 1,3 млрд сомго ашык аткарылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 8 млрд сомго көп чогулду.

«Бюджетке салыктар боюнча 40 млрд сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 14,5 млрд сом чегерилди. Пландын ашыгы менен аткарылышына башкарууну жакшыртуу, «СМАРТ-салым» долбоорунун алкагында электрондук коштомо кагаздарды жана көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү оң таасир этти. Быйыл Мамлекеттик салык кызматына 250 млрд сом чогултуу планы коюлду. Анын ичинен салыктар боюнча 196 млрд сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 54 млрд сом бекитилген».

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, жыл башынан бери бажы органдарында миңден ашык аткезчилик фактысы аныкталды.

Анын ичинен 1 миң 123 фактысы боюнча өлкө бюджетине 8,2 млн сом чегерилген. Мындан тышкары жалпы укук бузуу фактылары боюнча 72,2 млн сом өндүрүлүп, бюджетке түшүүлөр 2022-жылга салыштырмалуу 160%га өскөн.

Ал эми кылмыш иштери боюнча 77 факты укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген, иш каралгандан кийин бюджетке 66 млн сом чегерилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 36,6 млн сомго көп.

Copyright © 2017 Maral FM