Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда өлкөдөгү мыйзамдуулук жана аны көзөмөлдөө боюнча маалымат берди. Айта кетсек, кечээ ушул эле отчётту тармактык комитеттин кароосуна койгон.
Депутаттар өлкөдөгү эң негизги көйгөйлөрдү көтөрүшүп, мыйзамсыз иштерге нааразычылыктарын билдиришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Депутат Дастан Бекешов Башкы көзөмөл органы Бишкек шаарындагы жер тилкелерин коррупциялык жол менен алып, мыйзамсыз иштерди жасап, кардарларды «жүдөткөн» курулуш компанияларын тиешелүү деңгээлде жоопко тарпай жатканына нааразычылыгын билдирди.
Ага жооп катары Башкы прокурор кылмыш иши козголгон курулуш компанияларын бирден санап берди:
«2019-2023-жылдар аралыгында курулуш тармагындагы 9 компания боюнча 55 кылмыш иши козголгон. «КГ Групп» боюнча эки кылмыш иши сотко жиберилди, «ОргТехСтрой» компаниясы боюнча 12 иш кыскартылып, 2 кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган. Учурда 5 иш боюнча кылмыштык тергөө жүрүп жатат. «Тогар» бир кылмыш иши менен тергелип жатат. «ТС Сервис Строй» боюнча 5 кылмыш иши тергелип жатат. «ТС Групп Девелопментке» 2 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен кыскартылды. Курулуштагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу тиешелүү адамдар толук жоопко тартылууда».
Башкы прокуратура 2022-жылы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча 8824 текшерүү жүргүзүп, натыйжада 20780 мыйзам бузуу фактысын аныктаган. Аларды жоюу жаатында 10781 прокурордук чара актысы киргизилип, 5864 кызматкер тартип жазасына тартылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев боюнча кечээ депутат Жусупбек Коргонбай уулу суроо берип, жооп катары укук коргоо органдары Опумбаев менен Жунушалиевге кылмыш иши козголбогонун билдирген.
Бүгүн депутат Руслан Жакышев мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун тагдырына кызыкты. Курманкул Зулушев Жамшитовдун үстүнөн арыз түшпөгөнүн айтты.
«Экс-башкы прокурордун иши боюнча бүгүн бизге арыз менен эч ким кайрылган жок. Башка укук коргоо органдарына да кайрылган жок. Жунушалиев жана Опумбаевдер боюнча дагы жок. Ал эми Октябрь окуясын Ички иштер министрлиги тергеп жатат. Эгерде ошол жетекчилер кылмышка тиешелүү болсо, биз сөзсүз жоопкерчиликке тартабыз».
Мындан тышкары айрым депутаттар Орусиянын абактарында отурган 1077 кыргыз жаранын Кыргызстанга алып келүү маселесин көтөрүштү. Башкы прокурордун маалыматы боюнча жылдын башында эле 15 жаран Орусиядан Кыргызстандын абагына которулган.
«Өткөн жылы 260 кайрылуу келип түшкөн. Алардын 172си боюнча иш канааттандырылып, сотко сунуштар келтирилди. Орусиядан 33 жаран алып келинди. 2023-жылдын башында эле 15 жаран которулуп, 25 жарандын арызы каралып жатат. Ошол 1077 жарандын баарын Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат. Орусиянын абактарында отурган 200дөн ашык жаран келүүдөн баш тартты. Абакта отурган жаран Кыргызстанга которулуу боюнча арыз жазбаса, биз аларды которуп келе албайбыз. Мыйзам боюнча ушундай. Бүгүнкү күндө 35 жарандан баш тарткан арыз келип түштү».
Депутат Медер Алиев учурда жаш муундун эң чоң көйгөйү интернет аркылуу сатылып жаткан наркотикалык баңгизаттар экендигин, бул жаатта олутуу иш алып баруу керектигин белгиледи.
Курманкул Зулушевдин билдирүүсүнө ылайык, өткөн жылы баңгизат сатуу каналдарына байланыштуу 1492 кылмыш иши козголгон.
«Өткөн жылы баңгизат сатуу каналдарына байланыштуу 1492 кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 659 кылмыш иш боюнча 765 адамга айыбы угузулуп, соттук кароого жиберилген, 361 кылмыш өндүрүштөн кыскартылган».
Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырмалуу 19,4%га өскөн. Өзгөчө уурулук жана тоноочулук боюнча. Башпрокурор буга Жоруктар кодексинин жоюлушу жана кылмыштарды каттоо тартибине прокурордук көзөмөлдүн күчөгөнү себеп болгонун жүйө келтирди.