Бүгүн, 11-апрелде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жер-жерлердеги Аксакалдар соту боюнча жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Отчёттук баяндамада маалымдалгандай, фонд бир канча убакыт Аксакалдар сотунун учурдагы абалын, ишти кароо тажрыйбасын, негизги кызыкдар тараптар менен кызматташуусун, иштешүүсүн иликтеген.
Аксакалдар сотунун ишинин айрым мыйзам ченеми, институттун натыйжасы, туруктуулугу, башка мамлекеттик органдар жана коомдук институттар менен кызматташуусу, ошондой эле бүгүнкү күндөгү гендердик-зомбулук көйгөйлөрү камтылган изилдөө отчёту боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Насирдин Бакирдинов 30 жылдан бери жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө көмөк көрсөтүп келе жатат.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Аксакалдар сотуна мамлекет тарабынан кош көңүл мамиле жасалат, ал эми укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү такыр эле көзгө илбейт.
Бакирдинов буга чектелген мыйзамдар себеп болуп жатканын айтып, ыйгарым укуктардын жетишсиздигине нааразычылыгын билдирди.
«Аксакалдар соту бир жагынан караганда абдан күчтүү, экинчи жагынан алып караганда күчү жок. Эмнеге күчү жок? Себеби бизде чектелген гана мыйзамдар жана беренелер бар, андан сырткары чечим чыгарып иштей албайбыз. Бизди ички иштер органдары да тогото бербейт. Эгер аларды чакыра турган болсок, ал «келбейм» деп койсо, биз суранып туруп алып келебиз. Биздин бир эле куралыбыз бар: коомчулукка алып чыгабыз. Мисалы, эгер бир бала тентек кылса, туугандарын чакырып, алардын көзүнчө уяткарабыз. Ошол жагынан гана күчтүүбүз. Ал эми мыйзам жагынан алып карасак, күчүбүз деле жок, колдоо да көрсөтүлбөйт».
Талдоочулар айыл жергесиндеги үй-бүлөлүк көйгөйдү аксакалдар угуп, маселенин чоо-жайын билген соң, жөнгө салып коёрун айтышат. Бирок бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Аксакалдар институтуна эч кандай көңүл бурулбай жатат.
Мындан тышкары 28 жыл мурун түзүлгөн Аксакалдар соту бүгүнкү күнгө чейин өз ордун таппай келет деген пикирлер да жок эмес. Аталган сотту декларация кылып айтканы менен укуктарына көңүл бурулбай калганын белгилешет адистер.
Мындай сын-пикирлерди эске алуу менен былтыр июль-ноябрь айларынын аралыгында өлкөнүн 11 аймагындагы Аксакалдар институна изилдөө жүргүзүлүп, 14 Аксакалдар соту текшерүүгө алынган. Изилдөөнүн суроолоруна 203 (55%) карыя, 166 (45%) апа (жалпы 369 респондент) жооп берген.
Изилдөө жүргүзүүгө катышкан эксперт Назира Касиева Аксакалдар сотторунун статусунун белгисиздиги, укуктук карама-каршылыктар жана активдүү Аксакалдар соттору жөнүндө так маалыматтын жоктугу, гендердик зомбулук маселелерин чечүүдө Аксакалдар сотунун таасири жана ролу жаатында пикир келишпестиктер, Аксакалдар сотторунда аялдардын аздыгы изилдөөгө себеп болгонун түшүндүрдү.
«Акыркы кезде Аксакалдар сотунун иши солгундай түшкөнү билинип турат. Буга бир нече себеп бар: мамлекет жана мамлекеттик органдар тарабынын жеткиликтүү деңгээлде колдоо көрсөтүлбөйт; Аксакалдар соту тарабынан да кандайдыр бир пассивдүүлүк байкалып турат; ишинин укуктук жагында кандайдыр бир бошоңдуктар, келишпестиктер, карама-каршылыктар бар. Андан тышкары деги эле өлкөдө Акскалдар соттору тууралуу маалымат аябай аз. Болсо да бири-бирине төп келишпеген, карама-каршы маалыматтар болгон, ошондуктан бул маселеге көңүл бурулуп изилдөө өткөрүлдү».
Алынган жыйынтыктар Аксакалдар соту институтун мындан ары чыңдоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн колдонуларын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
«Бул — эң чоң иликтөө. Анын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, сот органдары жана ошондой эле укук коргоо органдары өздөрү менен кызматташтыкта Аксакалдар сотунун ордун аныктаса болот. Ошол эле учурда айрым жерлерде мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга «акы төлөп берет» деп жазылса, көбүнесе акы төлөнбөйт. Бирок Аксакалдар соту донорлордон, гранттардан, ар кандай долбоорлордон айырмаланып, элдин жанында, алардын көйгөйлөрү менен жашайт. Акы албай эле мүмкүнчүлүгүнө жараша маселени чечип беришет. Мына ошол Аксакалдар сотунун портретин аныктоо, мүмкүнчүлүктөрүн тактоо жана алар менен андан ары жигердүү кызматташтыкты уюштуруу боюнча кызыкдар тарапка бул иликтөө өзүнүн эң мыкты натыйжаларын берет».
Учурда өлкөдө 541 Аксакалдар соту бар, ага 3282 (2764 (84%) эркек, 518 (16%) аял) карыя мүчө. Аты айтып тургандай, бул соттун мүчөлөрүн көбүнчө 61-70 жаш аралыгындагылар түзөт. Алардын 35%ы жогорку, 23%ы атайын орто, 42%ы орто билимге ээ.
Аксакалдар соту өлкөгө 1995-жылы мурдагы президент Аскар Акаевдин буйругу менен киргизилген. 2016-жылдын 10-мартында Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Аксакалдар соту жөнүндө мыйзам кайра иштелип чыккан.