Биз менен байланышыңыз

Быйылдан тарта майда кылмыш жасаган балдарга тарбия гана берилет

Саясат | 11 Апр 2023 | 760 | 0

11-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен жана коррупция менен күрөшүү комитети Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчётун укту. Башкы прокурор мыйзам бузуулар, балдарга карата жасалган кылмыштар, балдар аралашкан кылмыштар, ишкерлердин даттануулары жана жалпы эле өлкөдөгү мыйзамдуулук туурасында маалымат берди. Эл өкүлдөрү аймактарда мыйзамдардын сакталышы жана аткарылышы боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү. Алдыда кененирээк токтолобуз.

Мамлекеттеги мыйзамдуулукту сактоо жана чыңдоо Башкы прокуратуранын негизги милдети. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталышы жана мыйзамдардын иштеши боюнча отчётун сандык көрсөткүчтөр менен депутаттарга сунуштады. Ал белгилегендей, 2021-жылы өзгөртүлүп күчүнө кирген Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстер өз жемишин берүүдө. Алардын негизинде кылмыш менен күрөшүүдө укуктук карама-каршылыктар жоюлуп, укук коргоо органдарынын иши иретке салынып, алдыга бир топ жылган:

«Өткөн жылда прокуратура органдары мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, анын ичинде коррупция менен күрөшүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, балдардын укуктарын коргоо багытында 8824 текшерүү жүргүзүп, 20 миң 780 мыйзам бузуу фактысын аныктап, 10 миң 781 прокурордук акт киргизди. Мыйзам бузууларга жол берген 5864 кызматкер тартиптик жоопко тартылып, 2721ине айып пул салынып, 963үнө кылмыш иши козголду».

Курманкул Зулушев маалымдагандай, өткөн жылы мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн актылардын негизинде мамлекетке 4 млрд 806 млн сом өндүрүлүп, мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 5 миң 39 гектар жер кайтарылган.

«Прокурордук актылардын негизинде мамлекеттин пайдасына 4 млрд 806 млн 910 миң сом өндүрүлдү. Анын ичинен 894 млн 942 миң сом акчалай, 3 млрд 911 млн 967 миң сом натуралдык түрдө алынды. Быйыл жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупциялык иштерин аныктоого жана ага бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бурулду. Мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 5 миң 39 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Булардын 52,71 гектары калктуу конуштардагы, 496,46 гектары айыл чарба багытындагы, 7,76 гектары суу чарба багытындагы, 9,6 гектары социалдык багыттагы, 63,29 гектары өндүрүш багытындагы жерлер». 

Башкы прокурор учурдагы негизи көйгөй болгон балдарды, майыптарды, улгайгандарды жана аялдарды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо маселесине токтолду. Анын айтымында, өткөн жылы өлкө боюнча 980 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Тактап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулуктан 8 миң 225 аял, 290 эркек жабыр тарткан. Алардын ичинен 210у өспүрүм болгон.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 8725 коргоо ордери берилип, 190 коргоо ордеринин мөөнөтү узартылган. Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы менен 181 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында 82си соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Ал эми 63 кылмыш «элдешип алды» деген негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Учурда 36 иш тергөө стадиясында турат. Балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 822 текшерүү жүргүзүлүп, 2241 мыйзам бузуучулук аныкталган. Ошол эле учурда 7 кылмыш иши козголгон. Аталган прокрордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен 927 кызматкер тартиптик жоопко тартылып, сотко келтирилген доо арыздардын ичинен 28и канааттандырылган».

Өткөн жылы прокурорлор тарабынан келтирилген актылардын негизинде 135 балага турак жай куруу үчүн жер тилке берилген. Ошол эле учурда өткөн жылы балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 1719 иш козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 458 иш соттук кароого жиберилген. Ал эми 512 иш өндүрүштөн кыскартылып, 283 иш убактылуу токтотулган. 42 кылмыш иш башка иштерге бириктирилген жана 427 кылмыш иш калдыкта калган.  Мындан сырткары балдар тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 1286 кылмыш иши козголгон.

«Өткөн жылы балдар тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 1286 иш козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 396 иш соттун кароосуна жиберилген. 760 иш өндүрүштөн кыскартылып, 14 иш өндүрүштөн убактылуу токтотулган. Мындан сырткары биринчи жолу коркунучу аз, өтө оор эмес кылмыш жасаган балдардын келечегине балта чаппай, мыйзам чегинде кылмыш жазасынан бошотуу жолдору Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 467-беренесинде каралса да, бул мыйзам ченемдери укук коргоо органдары тарабынан талаптагыдай аткарылбай келгени аныкталган. Ошондуктан 2023-жылдан баштап, бул багытка өзгөчө көңүл бурулуп, аталган категориядагы  иштер кыскартылып, майда кылмыш жасаган балдарга тарбиялык мүнөздөгү чараларды колдонуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү».

Башкы көзөмөл органынын жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күндө прокуратура органдары ачык-айкын иштеп, прокуратуранын иши тууралуу бардык маалыматтар коомчулукка берилип, жарандардын ар бир кайрылуусу дыкат иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM