Биз менен байланышыңыз

Эмнеге кээ бирөөлөр үчүн эртең менен туруу абдан кыйын?

Блог | 11 Апр 2023 | 433 | 0

Эмнеге эртең менен туруу кээ бирөөлөр үчүн абдан кыйын, ал эми кээ бирөөлөр үчүн көйгөй жаратпайт? Бул алардын күнөөсү эмес.

Кимдир бирөө сизди «көп уктайт» деп айыптаса, кыжырыңыз келеби? Ооба, антүүгө сиздин толук укугуңуз бар. Түнкүсүн активдүүлүктү сезген адам эртең менен активдүүлүктү сезген адамга караганда кечирээк чарчайт.

Мунун баары бир нерсеге байланыштуу болушу мүмкүн: сиз кээ бир нерселерди туура эмес жасап жаткан чыгарсыз.

Бирок, бул сөзсүз түрдө сиздин күнөөңүз эмес экени белгилүү болду. Жер бетиндеги дээрлик ар бир организм тартипти сактаган белгилүү сааттарга ылайык жашайт.Бул циркаддык ритм деп аталат. Адамдарда ал гипоталамус тарабынан башкарылат. Бул биздин уйкубузду көзөмөлдөө үчүн керек, ошондой эле мээ, жүрөк, өпкө сыяктуу негизги органдардын туура иштешине жооптуу.

Ар бир адам бирдей циркаддык ритмге ээ эмес. Үкү сымал адамдар торгой сымал адамдарга караганда кечирээк чарчашат. Мунун себеби адамдын организми түнкүсүн уйку гормону болгон мелатонинди көп чыгарат.

Калыптанган тартипке ылайык, жумушчу-кызматкердин көбүнүн иш ырааты төмөнкүдөй түзүлөт:

00:00-8:00: уктоо
8:00-8:30: жуунуп-тазалануу, тамактануу
9:00 – 12:00: жумуш
12:00-13:00: түштөнүү
13:00-18:00: жумуш
18:00 – 00:00: бош убакыт

«Үкү сымал адамдар активдүү келишет» дегенибиз менен, «коомдук айлампаны бузуу» ден соолукка олуттуу зыян экенин эскерте кеткенибиз оң. Күн менен түндү алмаштырып алуудан циркаддык режим бузулуп, натыйжада адам семирип кетет. Анын кесепети кан басымдын жогорулоосу, кант диабети, ишемия, апноэ (уктаганда дем жетпей калуу) ооруларын чакырат.

Дагы бир изилдөө көрсөткөндөй, циркаддык ырааттан эки саат ашык иштегендер депрессияга көбүрөөк чалдыгышат. Албетте, циркадддык ритм жаш куракка жараша өзгөрүп тургандыктан, «коомдук айлампанын бузулуусу» өзгөчө өспүрүмдөрдө байкалат.

Уйкуну жакшыртуу боюнча көптөгөн кеңештер бар. Эң башкысы, белгилүү бир убакта уктаңыз. Караңгыда жаркырак экрандардан оолак болгонуңуз оң. Биринчи коңгуроодо (будильникте) эле дароо ойгонуңуз.

Ойгоноруңуз менен сыртка чыгып, жүзүңүздү Күн нуруна чайыңыз. Мүмкүн болсо, үйдү жатак бөлмөнүн терезеси чыгышка карагандай кылып салыңыз. Таңды бөлмөгө кирген Күн шооласы менен тоссоңуз, күнүңүз жагымдуу өтөт.

Даярдаган: Зарина Султанмуратова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM