Connect with us

Реформалоо аймактарды өнүктүрүүгө канчалык жардам берет?

Коом , Саясат | 6 Апр 2023 | 1167 | 0

Өлкөдө аймактарды реформалоо долбоору пилоттук түрдө Нарын облусунан башталат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, облустагы бир нече айыл аймак бириктирилип, бир айыл өкмөт катары түзүлөт. Реформа элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, жашоо-турмушун жакшыртуу, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин арттыруу, чечимдерди ыкчам кабыл алуу, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатын көздөйт. Бирок реформа тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда. Кээ бир адистер реформа жакшы жыйынтык бербей турганын айтышса, айрымдары тескерисинче колдоодо. Депутаттар бул маселе парламентте талкууланышы керектигин талап кылышты.

5-апрелде президент Садыр Жапаров «Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Анан алкагында облустагы бир нече айыл аймак бириктирилип, бир айыл өкмөт катары түзүлөт.

Нарын облусундагы бириккен айыл аймактардын киреше салыгынан түшүүчү каражаттын 50%ы облустун, райондун өнүктүрүү фонддоруна которулат.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Жумагүл Эгембердиева бул реформа 10 жылдан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келгенин белгиледи.

Ал долбоорду пилоттук түрдө иштетип көрүү керектигин, реформа аймактардын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, трайбализм менен коррупциянын азайышына жардам берерин айтат.

«Бул боюнча коомдо ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. «Жыйынтыгы кандай болот экен?» деп отурбай, пилоттук түрдө ишке ашыра берүү керек. Эгер жакшы жыйынтык берсе, анда Кыргызстан боюнча жайылтуу керек. Жергиликтүү депутаттар биригип, бир жергиликтүү кеңеш түзүп иштейт. Бул трайбализм менен коррупцияны азайтат деген ойдомун. 50 пайыз киреше салыгы райондук бюджетке түшөт. Бул туура чечим. Бизде бюджети аз айыл өкмөттөр көп. Ошолорго жардам берилет».

Жарлыкка ылайык, облустун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча 10 млн сомдон бөлүнөт.

Мындан сырткары социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт.

Экс-депутат Аалы Карашев долбоорду ишке киргизүүдөн мурун аймактын социалдык, экономикалык абалы изилдениши керектигин белгиледи.

Карашев айыл аймактарды жөн эле бириктирип койбостон, келечекте кандай иш алып баруу боюнча так көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынышы керек деп эсептейт.

Ошондой эле ал жарлыктын иштешиндеги тобокелчиликтерге токтолду:

«Бул жерде тобокелчиликтер да бар. Аларды да айта кетүү керек. Элге кызмат көрсөтүүдө залалы тийип калбашы керек. «Бириккен айыл аймактарга 10 млн сом берилет» дейт, ал жыл сайын берилеби же бир эле жолу берилеби? Анын кошумча булактарын так берүү керек. «Райондун өнүктүрүү фондуна киреше салыгынын 50%ын калтырсын» деп турат. Бул райондун аймагында экен, дагы бир айылдык аймак кантип жашайт? Мына ушуга окшогон жерлери так эсептелип чыгышы керек».

Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар союзунун мурунку директору Болот Жапаров бул реформа аймактарды өнүктүрүү үчүн керектигин, азыркы системанын облустарды өнүктүрүүдө таасири жоктугун айтты.

«Бул реформа керек. Бизде бир эле айылдан турган алтымыштан ашык айыл аймак бар. Ал жерлерде адам да аз. Азыр бириктирүүгө карата конкреттүү жумуштар башталды. Бирок айрым нерселерде эске алуу керек. Мурда айыл өкмөткө жарым саатта барса, эми бир саатта барып калышы мүмкүн. Элдин кызыкчылыгын эске алуу керек. Аймактын экономикасынын өсүшү үчүн бул реформа керек».

Бул маселе Жогорку Кеңештин 6-апрелдеги жыйынында көтөрүлүп, депутат Мирлан Самыйкожо реформа тууралуу элге түшүнүктүү маалымат жетпей, анын кесепетинен эл арасында талаш-тартыш болуп жатканын айтты.

«Аймакташуу боюнча эл ичинде өтө чоң талаш-тартыштар пайда болууда. Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Интернетке чейин чыгып жатат. Бүгүнкү күндө аймакташууда жергиликтүү бийлик элге барып түшүндүрүү жыйындарын өткөргөн жок. Баягы эле 6-7 адамды топтоп, документтерин долбоорго өткөрүп жатышат. Бул чийки жумуш. Маселени кылдат карабаса, аягы жакшы болбойт».

Учурда өлкөдө 1981 айылды бириктирген 32 шаардык жана 452 айылдык административдик аймак бар.

Аймактарды реформалоо алгач Ысык-Көл облусунун Түп районунда ишке кирген. Анда райондогу 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен беш айыл өкмөтү түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM