Биз менен байланышыңыз

Активдерди адалдаштыруу — коррупцияны легалдаштурууга жол ачабы?

Саясат | 6 Апр 2023 | 492 | 0

Парламентте мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Ага 61 депутат «макул», алты депутат «каршы» добуш беришти. Каршы болгон депутаттар мыйзам долбоор карапайым калк үчүн эмес, бир ууч чиновник менен мыйзамсыз байыган бизнесмендер үчүн гана иштей турганын эскертишүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Жыйында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылчылыгын мындай түшүндүрдү:

«Биздин эң негизги максат: 2026-жылга чейин экономиканы ачыкка чыгаруу; экинчиси, жаңы Салык кодексине ылайык, бардык жаранды декларация тапшырууга даярдоо. Анткени азыр биздин соодада көзөмөл жоктугунан байыган адамдар көп. Алардын мүлктөрүн каттай турган болсок, баарын тастыктоо керек. Эч ким мүлктөрүнүн каяктан келгенин тастыктай албайт. Ошондуктан азыр анын баарын легалдаштырып, бир этапта бүтүрүп салып туруп, анан баарын каттап башташыбыз керек. Жаңы Салык кодекси күчүнө киргенден кийин чоң жаңжал чыгат. Бул экономикага гана багытталган мыйзам, саясий максаты жок». 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнөв белгилегендей, бул долбоор жеке жактардын Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү мүлктөрүн ыктыярдуу тизмелөө аркылуу ачыкка чыгарууга укуктук механизм түзүү, көмүскө экономиканы азайтуу, мүлктөрү ыктыярдуу тизмелегенге чейин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоо максатында иштелип чыккан.

Депутат Адахан Мадумаров бул мыйзам коррупцияны легалдаштырууга жол ачарын эскертти.

«Биз уурдаган-каткандарга ар эки жылда мунапыс берип турабыз. Мыйзамга өзгөртүү-түзөтүүлөрдү эмне үчүн киргизет? Себеби жаңы мыйзам боюнча сот жооптуулугунан качуу үчүн. Силер мыйзам сунуштап, ошол мыйзамсыз элдин эсебинен байыгандарга мунапыс жарыялаганы жатасыңар. Эртеби-кечпи элдин, мамлекеттин эсебинен байыгандар бүтүндөй жоопкерчиликке тартылышы керек. Силер аларды толук боштондукка чыгарып жатасыңар». 

Ошондой эле пикирди карманган депутат Өмүрбек Бакиров уурулардын байлыктарын легалдаштыруу менен казынаны тоноо токтобой турганын белгиледи.

«Бул мыйзам болгону 500-1000 байга жана чиновниктерге иштеп, байлыгын легалдаштырып берет. Карапайым элге иштебейт. Биринчи жагы, байлардын байлыгын легалдаштыруу болсо, экинчи жагы, мына ошол катталган байлыктан өкмөттүн салык алууну көздөөсү. Бирок биз өлкөнүн байлыгын басып, тоногон ууруларды легалдаштыра берсек, анда казынаны уурдоо токтобойт. Мен бул мыйзамга каршымын».

Кыргызстандын эгемендик тарыхында буга чейин эки жолу: 2008-2009, 2013-2014-жылдары мүлктү легалдаштыруу жараяны өткөрүлгөн. 2013-2014-жылдары 9840 адам декларация тапшырып, өзүнүн мүлкүн легалдаштырган. Анын ичинде 83 декларант 37 млн 350 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчү төлөм төлөгөн. Бирок аларга карата кылмыш иши козголгон учурлар кездешкен.

2020-жылдын декабрындагы мыйзамга ылайык, учурда үчүнчү легалдаштыруу кампаниясы жүрүп, ал өткөн жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Ага ылайык, 70 млн сомго чейинки сумманы легалдаштырууда төлөм жок, бирок андан ашса, мисалы, 200 млн сомго тапшырса, анда 2 млн сом төлөйт деген шарт коюлган. «Ал натыйжасыз болуп, сегиз гана декларант документ тапшырды» деген маалымат бар.  Ошондуктан учурда дал ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Жаңы мыйзам добооруна ылайык, 100 млн сомго чейинкиси эч кандай төлөм төлөбөйт. 100 млн сомдон канча ашык болсо да, бир жолку төлөм менен млн сом гана төлөйт. Бул легалдаштырылган сумманы белгисиз кылуу максатында аткарылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM