Биз менен байланышыңыз

Салык кодексинин соңку редакциясы күчүнө кирди: Салык төлөө жеңилдейби?

Экономика | 5 Апр 2023 | 1065 | 0

Президент Садыр Жапаров «Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документти 16-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган. Президенттин басма сөз кызматы мыйзамдын максаты чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыктарды ишке ашыруу, көмүскө экономиканы азайтуу экенин билдирди.

Экономика министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы жаңы салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрдү. 

Мыйзамга ылайык, кыргыз-тажик чек ара чатагы учурунда Баткен менен Ошто жабыр тарткан ишкерлердин салыктык карыздары жоюлат.

Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган, көзөмөл-кассалык машина колдонгон жеке ишкерлер салыктан бошотулат.

Салык салуу чөйрөсүндөгү өзгөртүү боюнча мыйзамга ылайык, салыктын чендери көтөрүлгөн жок. Ал эми чакан жана орто бизнестеги ишкерлер үчүн чендер бир топ төмөндөдү.

Бирдиктүү салыктын чени кандай өлчөмдө белгиленгенин экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов түшүндүрдү:

«Жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базардагы соодагерлер үчүн 0,1%;

соода үчүн бирдиктүү салыктын ченин накталай акча үчүн 4% жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2% төмөндөтүү; 

0,5 % — жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин;

1 % — 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин жүгүртүү менен;

коомдук тамактануу кызматтары үчүн киреше көлөмү чектелбейт».

ККМ колдонбогондорго биринчи жолу эскертүү берилет. Аны экинчи жолу бузса, жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат. Эрежени кайталап бузгандар 3000 сом, юридикалык жактар 13 миң сом айып пул төлөйт. Ишкер айыпты 30 күндүн ичинде төксө, 70% жеңилдик берилет.

Мындан сырткары Кыргызстанда унаа сатуучу ишканалар кошумча нарк салыгынан бошотулат.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыр тарткан баткендик, оштук ишкерлердин салыктык карыздары кечирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов маалымдады.

«Мыйзам күчүнө киргенден баштап жергиликтүү салык кызматында атайын комиссия түзүлөт. Жабыр тарткандардын тизмеси бар, алар арыз менен кайрылышат. Бизде кимдин канча карызы тууралуу маалымат бар. Былтыр комиссия иштеп жабыркагандарды аныктаган, аларда атайын тизме бар. Анын негизинде жаран карызы качан пайда болгонун далилдейт, анан кечирүү процесси башталат».

Салык кодексинин жаңы редакциясындагы мүчүлүштүктөр тууралуу буга чейин бир нече жолу айтылган. Ишкерлердин нааразылыгынан улам өкмөт кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн жумушчу топ түзүп, жыл бою талкуулаган.

Азыркы тапта тамактануу ишканалары 8% өлчөм менен салык төлөйт. Өзгөртүүлөрдөн кийин Бишкек менен Ош шаарларына 6-4%, башка аймактарда 5-3% болмокчу.

Өкмөт менен бизнес чөйрө чогуу иштеп чыккан мыйзамда бир катар сунуштар жана өзгөртүүлөр берилгенин Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков айтып, сунуштардын көбү эске алынганын билдирди.

«Бир катар экономикалык тармактарга, тактап айтканда, тамак-аш, туризм секторлоруна бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөдү. Андан сырткары буга чейин бирдиктүү салыкка 30 миллиондук босого бар болчу, ал да алып салынды. Демек, бирдиктүү салык менен ишкерлер көп тармактарда эч кандай чектөөсүз иштей алат. Бир катар дагы башка жеңилдиктер каралган. Ошондой банк тармагы боюнча сунуштарыбыз өткөн. Жалпысынан бул мыйзамда салык төлөөчү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча өзгөртүүлөр каралган десек болот».

Кабыл алынган мыйзамда Кыргызстанда мунай заводдор, ошондой эле химиялык жана мунай-химиялык өндүрүш ишканалары жабдууларды импорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулду. Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов белгилегендей, бүгүнкү күндө республикада чийки мунайды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби чийки зат сырттан алып келинет.

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы салык саясаты улам-улам каршылыктарга кабылган. Ишкерлер жана соодагерлер нааразылык акцияларын өткөрүп, айрым чараларга даяр эмес экенин билдирип чыгышкан. Өкмөт болсо өз жүйөсүн айтып, киргизилген ыкмалардан баш тартпасын баса белгилеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM