Биз менен байланышыңыз

«Жерге мунапыс берүү жөнүндө» жобонун 27-пунктун кайра киргизүү сунушталды

Коом , Саясат | 5 Апр 2023 | 1406 | 0

«Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдун 27-пунктун кайра киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Трансформация кыймылынын башкы координатору Бекназар Айталиев маалымат жыйында билдирди. Айталиев 27-пункт жер ээсинин конституциялык укуктарын коргой турган бөлүмдөрдүн бири экенин белгиледи. Муну менен катар ал 27-пунктту алып салуу аркылуу жерди мыйзамсыз саткандар көбөйөрүн айтат. Токтомдун 27-пункту президенттин буйругу менен ушул жылдын март айында алып салынган. Тургундар аталган пункт жер амнистиясын толук ишке ашырууга бир топ тоскоолдук жаратып жатканын билдиришкен. «Жер мунапысы» мыйзамы жерлерди трансформациялоо маселесин толук чече алабы? 

«Трансформация» кыймылынын башкы координатору Бекназар Айталиев «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдун 27-пунктун кайра киргизүүнү сунуштады. Ал жер ээсинин укуктарын коргой турган пункттардын бири экенин белгиледи.

«Бул токтом адам укуктарына, Конституциядагы жарандык укуктарга, Жер кодексинин укуктарына жана жеке менчик укуктарына таянган олуттуу пункттардын катарын толуктайт. Аны алып сала турган болсок, башка адамдардын жеке менчикке болгон укугу кайда кетет? 27-пункт иштесин. Коррупциялык ишке аралашкан жерлерде «чайкоочулар» бирөөнүн жерин басып алып, бирөөгө сатып кылмышка бара турган учурда 27-пунктту иштетпей эле атайын комиссия түзүп, кароо керек».

Айталиев 27-пунктту алып салуу кандай кесепеттерге алып келерин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Эгер ал пунктту алып сала турган болсок, жер ээси эч ким эмес болуп калып жатат. Өзүнүн үлүш жери бар, мыйзамды сыйлаган адамдар да бар. Алардын жерлерин шылуундар алдамчылык жолу менен сатып жиберип жатышат. Алар өздөрүнө тиешелүү эмес жерлерди да жасалма документтер менен сатып жиберишет. Ал эми жер ээси четте туруп калган учурлар бар. Бул пунктту алып салуу менен ушундай мыйзамсыз аракеттерге жол ачабыз. 27-пунктту калтырып, токтомду башка пункттар менен толуктаса болот».

Министрлер кабинети «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүү киргизген.

Жер маселеси Садыр Жапаровдун 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна баргандан кийин актуалдашкан. Жергиликтүү тургундар аталган токтомдогу 27-пункт жер амнистиясын толук ишке ашырууга бир топ тоскоолдук жаратып жатканын билдиришкен.

Мындан улам мамлекет башчы жергиликтүү жетекчилерге мындан ары жарандардын жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуусуна жол бербөө боюнча талап койгон.

«Албетте, токтомду даярдап жатканда өкмөттөн катачылык кеткен. Ал жерге 27-пунктту киргизбеш керек болчу. Анткени ээлери 15 жыл мурун сатып кетип жатат ал жерлерди. Анан 15 жылдан бери тургундар үй салып жашап жатышат. Эми ошону биз мыйзамдаштырып беришибиз керек. Жерлерди транформация кылып, кызыл китебин берүү керек».

Бул маселени Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов айтып чыкты. Ал Кыргызстандын бардык аймагында жер маселеси курчуп кеткенин белгиледи.

Мындан сырткары эл өкүлү жерлерди трансформациялоо процесси боюнча тиешелүү органдар келип, парламентте маалымат берүүсүн талап кылды.

«Оштун Озгур айылында бир жаран гектарлаган жерлерди басып алып, жеке менчикке саткан. Ошол шылуунга алданган миңдеген жаран митингге чыкты. Бир жаранды тизгиндей албаган күч органдарына эмне десек болот?! Ошондуктан Кыргызстандагы жерлерди трансформациялоо процесси боюнча тиешелүү органдар келип, парламентте маалымат берсин. Бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп карабасак болбой калды».

Бир жыл мурун «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде өткөн жылдын апрель айында жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары үйлөрүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жер ресурстары кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстанда жер мунапысы боюнча 71 миң 794 арыз түшкөн. Анын ичинен 8 273 адамдын тизмеси коомдук талкууга коюлган. Ошондой эле өлкө боюнча 12 237 техникалык паспорт жана 444 мамлекеттик күбөлүк берилген.

Copyright © 2017 Maral FM