Биз менен байланышыңыз

Депутаттар маңзат соодасынын мектептерге чейин жеткенине тынчсызданууда

Саясат | 5 Апр 2023 | 451 | 0

Маңзат сатуу менен алектенген «Принцесса Дури» интернет дүкөнүнүн жаштар арасында кеңири тараганы коомчулукта катуу талкуу жаратты. Көп жылдан бери системалашкан кылмыштуу бизнестин учу, башкача айтканда, маңзат соодасы мектептерге чейин жеткенин депутаттар көтөрүштү. Эл өкүлдөрү бул маселени ылдам чечпесе, жаштар үчүн өтө кооптуу жагдай жаралып калганына тынчсызданууларын билдиришүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында депутаттар маңзаттарды сатуу мектептерге чейин жетип жатканын айтышып, тынчсызданууларын билдиришти.

Алсак, депутат Марлен Маматалиев мектептерде наркотикалык «момпосуйлар» менен наркотикалык «клейлер» сатыларын маалымдады.

«»Принцесса Дури» аталышындагы интернет-дүкөндөн баңгизат сатуу — бул бери жагы эле. Мындай көрүнүштөр күчөп, мектептерде наркотикалык «конфеттер», наркотикалык «клейлер» сатылат экен. Жакында эле 8-март майрамына карата балдар классташ кыздарына электрондук тамеки белек кылышыптыр. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү комитет терең карап чыгышы керек».

4-апрелде Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда маңзатты ордуна жеткирбегени үчүн белгисиз жарандарды сабап жаткан видео боюнча баңги топтун мүчөлөрү кармалганын кабарлаган.

Депутат Шайлообек Атазов мектеп окуучуларын электрондук тамеки жана наркотикалык заттардан арылтуу боюнча иш алып баруу керектигин белгилеп, бул жаатта иш кандай жүрүп жатканы туурасында тиешелүү органдардын маалымат берүүсүн талап кылды.

«Кыргыздын келечек муундарынын тарбиясын дайыма айтып келебиз, бирок көңүл бурулбай жатат. Мектеп окуучуларын электрондук тамекилер менен маңзаттар жок кылганы калды. Ушул боюнча Билим берүү министрлиги жана ИИМ маалымат беришсин».

Эл өкүлү Таалайбек Масабиров электрондук тамеки жана маңзатка байланыштуу мектеп окуучуларынын абалы кооптуу экенин белгилеп, буга чейин бир канча жолу бул маселени көтөрсө да, эч кандай реакция болбогонуна кейиди.

«Эртең менен мектептин жанында өтүп бара жатсаңар, 4-5-класстын балдары электрондук тамеки чегип жаткан болот. Кайсы өлкөдө көзөмөл начар болсо, ошол өлкөдө жаман көндүмдөр жаштар арасында бат жайылат. Бул зыяндуу нерселер балдарды жаштайынан эле көндүрүп коюп, ага байланып калып, психологиялык жактан жабыркап калат. Булар Телеграм-каналдардан маалыматтарды алып жатышат, ошону Санарип министрлиги көзөмөлдөсө болбойбу?»

Билим берүү жана илим министрлигинин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова мектептерге рейд жүргүзгөн учурларда электондук тамекилер чыкканын жашырган жок. Анын айтымында, айылдагы окуучуларга караганда шаардык окуучулар арасында электрондук чылым чегүү көп катталат.

«Мектептерге рейд жүргүзгөн учурда электрондук тамеки менен кармалган учурлар болгон. Аларга эч кандай чара колдоно албайбыз. Ар бир мектепте укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу кеңешмеси иштейт. Эң биринчи ошол кеңешмеде каралып, ага ата-энеси чакыртылат. Кеңешменин жыйынтыгында ата-энесине эскертүү берилет. Жоопкерчилик ата-энелерге тартылат. Эгерде андан кийин да эч кандай жыйынтык чыкпаган болсо, ар бир райондун алдында балдар менен иштеген комиссиялар иш алып барат».

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Айдар Шыгаев белгилегендей, интернет аркылуу синтетикалык баңгизаттарды, психотроптук заттарды сатуу 2016-жылдары башталган.

«Бул Кыргызстанда 2016-жылдан бери башталып жаткан нерсе. Интернет аркылуу бангизат сатуу коңшу өлкөлөр үчүн да жаңыланган нерсе болчу. Ошол жылдан ушул жылга чейин тажрыйба топтоп, алар менен кантип күрөшүү керектигин анализдеп, кылмыштардын бетин ачууну иликтеп чыгып, азыркы кезде тийиштүү деңгээлде каршылык көрсөтүп жатабыз».

Орусияда баңгизат ташып кармалган кыргызстандыктар 2022-жылдын эки кварталында эле 500гө чукулдаган. Бул мамлекетте баңгизат же психотроптук зат менен кармалгандар 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Орусияда кыргызстандыктар көп учурда такси жана курьер кызматында иштегендиктен баңгизатты билбестиктен жүк катары алып баратып, кармалып калышат. Учурда Орусияда маңзат кылмышы менен 1077 кыргызстандык абакта отурат.

Copyright © 2017 Maral FM