Биз менен байланышыңыз

«Казакстанда бензин кымбаттаса, Кыргызстанга да таасирин тийгизет»

Дүйнө , Саясат , Экономика | 4 Апр 2023 | 606 | 0

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11%га, дизелдин баасын 20%га көтөрүүнү чечкенин 3-апрелде министр Болат Акчулаков маалымдап, мындай чечим кабыл алууга «Казакстан менен коңшу мамлекеттер ортосундагы баа айырмасын азайтуу»  зарылчылыгы түрткү болгонун жүйө келтирди. 

Анын айтымында, мунайды кайра иштетүүчү үч завод модернизацияланып, кубаттуулугу жогорулаганына карабастан өлкөнүн айрым аймактарында тартыштык сезилип, таңкыстыкты кымбат импорттук күйүүчү май менен жабууга туура келип жатат.

Кыргызстандын экономисттери министрликтин жүйөсүн негизсиз деп эсептешет. Коңшу мамлекеттин бензинге болгон баа саясаты биздин мамлекетке да таасирин тийгизеби? 

Учурда Казакстанда бензиндин орточо баасы 180 теңге (34 сом), дизелдин орточо наркы 260 теңге (50 сом) болууда.

Казакстандык айдоочулар акыркы кездери күйүүчү майдын жетишсиздигине көп даттана башташты. Айрым аймактарда дизелге кезек узарып кеткен учурлары бар. Министрлик буга транзиттик автоунааларды жана коңшу өлкөлөргө «көмүскө экспортту» себеп катары көрсөтүп келет.

Казакстандын энергетика министринин милдетин аткаруучу Болат Акчулаков дизель менен бензиндин кымбатташына аргументтерди келтирип, ал өлкө үчүн экономикалык жактан пайдалуу экенин белгиледи.

«Казакстанда мунайдын дүң жана чекене баасы чектеш өлкөлөрдөн кыйла арзан. Бул биздин ички баа саясатыбызга да таасир этип коюшу мүмкүн. Эгер баа айырмачылыгын азыр кыскартпасак, жакын арада мунай тартыштыгына дуушар болобуз. Андай болсо, бул тармакты өнүктүрүү жолу буулуп, элге энергетикалык кыйынчылык жаралышы мүмкүн».

Казакстанда күйүүчү майдын баасы 2021-жылдын күзүнөн бери өзгөргөн эмес. Бул өлкө күйүүчү майдын баасы эң төмөн өлкөлөрдүн тизмесине кирген.

Казакстандын экономисти Жанат Нургалиев мамлекет башка өлкөлөрдүн экономикасына жардам берүүнү ойлоп, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип жатат деген пикирди карманат.

«Өкмөттүн азыр сунуштап жаткан нерсеси, берген түшүндүрмөсү туура эмес деп эсептейм. Коңшу өлкөлөрдө бензин кымбат болсо, эмне үчүн бизге таасир этиши керек? Бийлик биринчи кезекте Казакстан жарандарынын кызыкчылыктарын карабай жатат. Ошол эле учурда өкмөттө кайра иштетүү көлөмдөрүн көбөйтүү боюнча анык схема же план жок. Бензиндин кымбатташы, албетте, азык-түлүктүн кымбатташына алып келет. Жалпысынан алганда, бул чынжырча катары уланып, бардык нерсеге таасир эте берет».

Коңшу Казакстандагы бензинге болгон баа саясатынын Кыргызстанга кандай таасири тиери тууралуу экономисттер ой бөлүштү.

Экономист Төлөнбек Абдыров «башка өлкөлөрдө кымбат экен, биз да баасын көтөрөлү» деген саясат туура эмес болорун айтат. Ал алгач, элдин камын ойлоп, пикирин эске алуу керектигин белгилеп, казак бийлигинин бензинге болгон бааны көтөрүү чечимин башка себептерге байланыштырды.

«Мисалы, мунайзатты казуу, даярдоо, сатуу жагынан көп чыгымга учурап калышынан улам күйүүчү майга бааны көтөрөбүз деп чыгышты. Анткени жыл сайын ушул убакта май чыгарган заводдор оңдоо иштерине токтоп, жазгы талаа иштери башталып, ал жакка да күйүүчү май керектелип калган сыяктуу көп жүйөлүү себептер бар. Аткезчилик жол менен башка өлкөлөргө бензиндин чыгып кетишине да бөгөт коё албай жаткандары да себеп болушу ыктымал».

Дагы бир экономист Расул Түлеев эгер коңшу мамлекетте күйүүчү май кымбаттаса, Кыргызстанда да баа жогорулай турганын айтты.

«Негизи, бизде күйүүчү май Казакстанга салыштырмалуу өтө эле кымбат. Эгер Казакстанда бензинге баа көтөрүлсө, ал сөзсүз түрдө бизге таасирин тийгизет. Бирок анча деле чоң көлөмдө эмес. Себеби бизде баалар ансыз деле аябай кымбат болуп жатат. Анан да бизге күйүүчү-майлоочу заттар Орусиядан көп көлөмдө алынып келет. Ошондуктан биздин баалар көбүнчө Орусиянын бааларына ылайыкташтырылат».

Казакстанда бүгүнкү күндө АИ-92 жана АИ-93 бензини аймактарга жараша 182-187 теңгеден, ал эми дизель 230-260 теңгеден сатылат. Эгер Энергетика министрлиги сунуштаган токтом кабыл алынып калса, анда 12-апрелден тарта бензин 205 теңгеден (39 сом 99 тыйын), дизель 295 теңгеден (57 сом 10 тыйын) сатыла баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM