Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешке депутат шайлоо 28-майга белгиленди. Шайлоо өткөрүүгө 18,6 миллион сом жумшаларын БШК жарыялады. Буга чейин аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Жаныбек Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Кайра шайлоо өткөрүү канчалык туура жана ачык өтөт? Бир мандаттуу округдар боюнча шайлоо системасына өзгөртүү киргизүү керекпи? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын 27-мартта жарыялаган. Ал өзү катышкан мушташ талкуу жаратканын, окуянын олуттуулугун түшүнүп, мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгилеген.
Борбордук шайлоо комиссиясы 28-мартта Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратып, 29-мартта президент Садыр Жапаров №26 Ленин округуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча жарлык чыгарып, шайлоо күн 28-майга белгиленген.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек берип, анда президент эч бир талапкерди кабыл албаганын жана алдыда да кабыл албай турганын, шайлоого эч ким кийлигишпесин айткан.
«Мурда президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине да жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз».
Президент ошондой эле каттоо бүткөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талапкерлердин баарын чогултуп, чогулуш өткөрүү планы бар экенин маалымдаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаларын кабарлады. БШКнын чыгашасы шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды кошкондо 13,2 миллион сомду түзөт. Ошондой эле 5,4 миллион сом бир округдук шайлоо комиссиясына жана 51 УШКга бөлүнөт.
Коомчулукта бир депутатты шайлоо үчүн 18 млн сом сарпталары талкуу жаратууда.
Мындай нааразычылыктардын алдын алуу үчүн шайлоо мыйзамын, шайлоо принциптерин кайра карап чыгуу керектигин коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов белгилейт.
Анын айтымында, партиялык тизме менен шайлоо өткөргөн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизбөө керек болчу. Себеби бир мандаттуу округдардан шайлоо өткөрүүдө дайыма чыр чыгат. Алар депутат болуп келгенде деле өзүнүн саясий багытын билбей, фракцияларга кирүүдө кыйналышат.
«Башында президентке партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү сунушталган, президент аны колдоп баштаган. Кийин эле президенттин жанындагы юристтер бир мандаттуу округдардан шайлоону кошуп, аралаш системаны киргизишти. Ошол бир мандаттуу жерлерден дайыма чыр чыгат, алар депутат болуп келгенде да ар түрдүү топторду түзүп, фракцияларга кирип, саясий багытын билбей жатышат. Тууганы же акчасы көп адамдар бир мандаттуу округдардан келип алып, партиялык курулушту, парламенттин табиятын, мыйзам чыгаруу жаатын солгундатып салышты. Ленин районунда шайлоо өткөн, элдин маанайы билинген. Ошол добуштардын негизинде эле кийинки орунда турган талапкерге мандат ыйгарып койсо болмок, анда акча кетпейт эле. Экинчиден, партиялык тизме ушундай чыгымдардан арылтат, кимиси кетсе, тизмедеги кийинкиси келе берет. Партиялык тизме бул тараптан алда канча туура болчу».
Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында биринчи жолу жаңы Башмыйзамга жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык, аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөн. Анын негизинде Жогорку Кеңешке 54 депутат партиялык тизме менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келген.
БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев шайлоо мыйзамы бул чакырылыштын мөөнөтү бүткөнчө өзгөрбөй турганын, системадагы кемчиликтерди 5 жыл аралыгында аныктап, кийинки шайлоого карата мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.
«Бул чакырылыштын негизинде жакшы-жаман жактарын карап, кийинки чакырылышта башка системаны киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мурда Конституцияга жазылып калып, ал жерден шайлоо системасын өзгөртүү кыйын болчу. Ал үчүн шайлоочулар активдүү катышып, өз ойлорун айтышы керек. Шайлоо боюнча билдирүүлөрдү жасашы керек, шайлоолорду калтырбай катышуусу зарыл. Ошондуктан бир-эки кишинин айтканы менен өзгөртүү киргизүү оңой эмес».
Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесине ылайык, шайлоо өткөрүү мезгилинде акча тараткандарга, шайлоочуларды сатып алууга аракет жасагандарга 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып салынат. Ошол эле кылмышты талапкердин жакындары же ишенимдүү өкүлдөрү жасаса, 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып салынат же беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков алдыдагы шайлоодо да акчасы көп жаран гана утуп чыгат деп эсептейт.
«Бир мандаттуу шайлоо округанан кимдер келгенин жөн эле анализ кылып көрүңүздөр. Мына Бишкекти эле алсак, «Дастан Бекешов акчасы жок болсо да, депутат болуп келди» деп жатышат. Дастан Бекешов Токтогул/Исанов көчөлөрүндөгү элиталык квартирада менин коңшум болуп жашап турган. Акчасы жок шайлоодон утушу мүмкүн эмес. Бир мандаттуу округдан акчасы жок катышкан мен айтып жатам. Акчасы жок жеңип чыгуу мүмкүн эмес. Азыр депутат болуп келген бир-эки акын бар. Алар өздөрүнүн акчасы эмес, бирөөлөрдүн акчалай колдоосу менен утуп келишти. Калганынын баары чириген байлар, коррупционерлер, мамлекеттен же башка жактан уурдаган чала бизнесмендер. 36 округдан депутат болуп келгендердин ар бири — бай адам. Ленин районунан да бир бай же жогору жактагыларга тиешелүү адам утуп келет».
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, 4-апрелге карата № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 5 талапкерден арыз келип түштү. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ушул жылдын 27-апрелинде аяктайт.