Уйчу-фермерлер сүт арзандап кеткенине нааразычылык билдиришүүдө. Алардын айтымында, заводдор бааны атайын көтөрбөй жатышат. Мурда сүттүн литри 35-37 сомдон сатылып жүрсө, учурда 28-30 сомго түшүп кеткен. Бул маселе боюнча бүгүн, 3-апрелде Чүй облусунун фермерлери президентке кайрылуу жасашты.
Айтылган жагдайга байланыштуу сүт заводдорго суроо салганыбызда, алар баанын түшүшү жаз мезгилинде боло турган кадыресе көрүнүш экенин белгилеп өтүштү.
Сокулук районунун Фрунзе айылынын тургуну Дмитрий Колесников күнүнө бир тоннадай сүт чогултат. Ал аталган райондун сүт жыйноочулары продукцияны төмөндөтүлгөн баада кабыл алып жатканын айтып, буларга токтолду:
«Сүт 35-37 сомдон 28-30 сомго арзандап кетти. «Бул дагы чек эмес» деп жатышат. Ошол эле учурда тоют, айдоо-себүү да кымбат болууда. Баары эле кымбат, бирок сүт бөтөлкөдөгү суудан да арзан болуп жатпайбы. Кабыл алуучулар «завод баасын төмөндөтүп жатат» деп, бизге кысым көрсөтүп жатышат. Бирок биз билебиз, алар барып 42-45 сомдон эле берип жатышат. Адамдар өздөрүн дарылабай, малын дарылап, жакшы карап жүрүшөт. Бирок уй бүгүн өзүн да, мени да бага албай жатат. Азыр баары уйларын массалык түрдө сата башташты, себеби бука кармоо пайдалуураак болуп жатат».
Сокулук районунун Мирное айылынын тургуну Бактыбек Сариев азыр үйүндөгү үч уйдун сүтүн өткөрүп күн көрүп жатат. Ал соңку жылдары уй багуу өзүн актабай баратканын белгилейт. Анткени акыркы жылдары жем-чөп кымбаттады. Кургакчылыкта сугат суу тартыш болуп, эгиндин күйүп кеткени да тоюттун баасын көтөргөн.
«Кырдаал жыл сайын кайталанат. Бүгүн айылдыктар чогулуп, президентке кайрылуу жазышты. Айыл чарбасын тартипке келтирүү үчүн аны коргоого чоң үмүтүбүз бар. Азыр ар бир фермердин жаны кыйкырып жатат. Баары кымбаттап кетти. Уй бакканыбыз акталбай жатат. Ошондуктан ушул маселени чечүүгө жардам берүүнү суранат элек».
Чогулган фермерлер бийликтен сүттүн баасын жөнгө салууну монополияга каршы органга тапшырууну өтүнүштү.
Мындан сырткары фермерлер сүттү түз жеткирүүнү суранышууда. Бул үчүн заводдор продукциянын сапатын камсыз кылуу үчүн ар бир конушка муздаткыч орнотушу керек.
Сүттүн баасынан улам чыккан нааразылык биринчи жолу болгон жок. Жыл сайын жаз келери менен Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун фермерлери ушул маселени көтөрүп чыгышат.
Бүгүнкү күндө сүт рыногунда атаандаштык күч. Буга байланыштуу сүт азыктарынын баасын түздөн-түз жөнгө салуу мыйзамдарда каралган эмес. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз катчысы Сахиба Кадырова кабарлады.
«Сүт социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Бир нерсени белгилеп кетишим керек, сүттүн баа түзүмү эркин экономикалык шартта түзүлөт. Ал эми мамлекет тарабынан сүттүн баасын түздөн-түз жөнгө салууга азырынча мыйзамдар жок. Нарктын өзгөрүшү сезондук мүнөзгө ээ. Сатып алуу бааларынын көйгөйү жыл сайын жаз келгенде көтөрүлөт. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан статистикалык-экономикалык талдоо гана жүргүзүлөт, баалары көзөмөлдөнбөйт. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени жөнгө сала турган мыйзам долбоорун демилгелеп жатышат».
Чүй облусундагы сүт иштетүүчү компаниялардын биринин өкүлү Самат Орозкуловдун айтымында, Кыргызстанда кыш мезгилинде сүттүн баасынын өсүшү, ал эми жаздын келиши менен баанын төмөндөшү көп жылдан бери кайталанат.
Ал кышында фермерлер сүттүн баасын өздөрү коёрун, компанияларга сүттү кымбат өткөрөрүн айтып, сүт саткандар «дайыма нааразы» болуп келишкенин белгилейт.
«Эмне үчүн фермерлер бул маселени кышында көтөрүшпөйт? Анткени кышында алар сүттү 50-55 сомдон сатып жатышты. Так суммасын айта албайт, бирок негизинен алып караганда, кышында фермерлер компанияларга өз талаптарын коюшат. Себеби кыш айларында сүт жокко эсе, жайында болсо сүт ашыкчасы менен болот. Ошондо кышында дыйкандар «45 сомдон ылдый түшүрүү мен үчүн пайдасыз болот» деп туруп, баасын көтөрүп коюшат. Сүт өндүрүүчү заводдор айла жок канча десе ошончо беришет».
Фермерлердин айтымында, мал багуу күндөн күнгө кыйынчылыктарды туудурууда. Себеби бир таңгак чөп 250-300 сомдон турат. Бир уй бир күндө үч килограмм жүгөрү жейт, а жүгөрү базарда 20 сомдон сатылууда. Учурда «жакшы берди» деген уйдан 15 килограммдан гана сүт саалууда. Кала берсе, асыл тукум уйлар да 10 литрден ашык сүт бере албай турган учуру.
Чүй, Талас элинин айтымында, мурда ар бир үйдө уй болсо, учурда бир көчөдө бир же эки киши уй кармап калган. Буга жайыттардын жоктугу да себеп болууда. Жайыты кенендер гана талаага жайбаса, көпчүлүгү сарайынан чыгарбай багууга мажбур. Бул кошумча түйшүк жараткандыктан көпчүлүгү малын сатып ийип жатышат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 1,7 млн тонна сүт алынат. Анын 3000-4000 тоннасы заводдо иштетилип, өндүрүлгөн азыктын жарымы экспорттолот.