Биз менен байланышыңыз

Комитет үч эмдерге 500 миң сомдон «сүйүнчү пул» берүү токтомун колдоду

Саясат | 3 Апр 2023 | 690 | 0

Жогорку Кеңештин комитетинде бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку «балага сүйүнчү» төлөмүн 500 миң сомдон берүү боюнча токтом долбоору сунушталды. Белгиленген каражат үй-бүлөнү колдоо, балдардын ден соолугуна кам көрүү максатын көздөйт. Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде үч эм төрөлгөн балдардын саны жүз элүү бир болсо, беш үй-бүлөдө төрт эм төрөлгөн. Учурда бир үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сомдон төлөнүп келет. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде депутаттар Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку 500 миң сомдон акчалай жардам берүү боюнча токтом долбоорун сунушташты.

Жыйында баяндама жасаган депутат Максатбек Сарбагышев өлкөдө акыркы 10 жыл ичинде үч эм төрөлгөн балдардын саны жүз элүү бир болсо, 5 үй-бүлөдө төрт эм төрөлгөнүн белгиледи.

«Андыктан сунушталып жаткан токтом долбоору аркылуу үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөгө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүүнү демилгелеп жатабыз. Буга чейин үч бала төрөлгөн учурда ар бирине 50 миңден 150 миң сом берилиши керек болсо, ал да берилбей келген. Калып калып же башка болуп берилбей келген фактылар бар. Ошондуктан 50 миңдин ордуна аны жогорулатуу демилгеси үй-бүлөнүн жашоо-шартын жакшыртуу, балдардын бардык жардамды убагында алуусуна шарт түзүү максатында көтөрүлүп жатат».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жаңы төрөлгөн ымыркайларга министрлик тарабынан берилип келген жардамдар тууралуу буларды айтты:

«Министрлик ар бир балага 4 миң сомдон «балага сүйүнчү» жөлөк пулун берип келет. Өткөн жылы мындай жөлөк пулду 130 миңден ашык бала алды. Мындан сырткары үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт. 2022-жылы мындай жөлөк пулду 40 үй-бүлө алган. Бюджеттен жалпысынан 522 млн сом каржыланган. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» пулу да төлөнөт». 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Сыдыков бүгүнкү шартта үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 50 миң сомдон берүү жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, жылына 12ден 15ке чейин үч эм төрөлөт.

«Бир баланы төрөгөн эне өтө оор физиологиялык кыйынчылыктарга кабылат, ал эми үч баланы төрөө андан да оор. Ошондуктан биз бул демилгени колдойбуз жана өтө керектүү деп ойлойбуз. Аталган каражат үч эмдин жакшы чоңоюшуна шарт түзүп бермек. Статистика боюнча жылына 12ден 15ке чейинки үч эм төрөлгөндүктөн, бюджетке оор деле келбейт деп ойлойбуз».

Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 500 миң өлчөмүндөгү бир жолку «сүйүнчү пулду» үч эм төрөлгөн колунда жок үй-бүлөлөргө гана берүүнү сунуштады.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева өткөн жумада Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушуна барып, жакында эле төрөлгөн төрт эмден кабар алып келгенин, эне-атасынын жашоо-шарты начар экенин, мындай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бийлик органдарын да жардамга чакыруу керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында комитет токтом долбоорун кабыл алды.

Copyright © 2017 Maral FM