Биз менен байланышыңыз

Беларусь бажысында кармалган 500 унаа. Унаа ташуучулар бийликке кайрылды

Экономика | 30 Мар 2023 | 1011 | 0

Кыргызстандык унаа ташуучулардын 500дөн ашык автоунаасы эки айдан бери Беларусь аймагында кармалууда. Буга байланыштуу жүздөгөн унаа ээлери көйгөйдү чечип беришин өтүнүп, өкмөткө кайрылышты. Алар Кыргызстанга келе жаткан унаалар себепсиз кармалып жатканын айтышууда. Мындан сырткары жүк ташуучулар январдан бери унаа токтотуучу жайларга чоң суммадагы каражат төлөп жатышканын белгилешти. Бул маселени чечүү максатында өкмөт тараптан кандай аракеттер көрүлүүдө? 

Ушул жылдын январь айынан бери Кыргызстанга келе турган 500дөн ашык автоунаа Беларусь аймагында кармалып турат.

Айдоочу Карим Кадыржанов да унаасын Беларусь аймагында калтырып, Кыргызстанга келе берген. Анын айтымында, автоунаасын акт жана протокол түзбөй эле айып короого токтотуп коюшкан. Учурда унаа токтотуучу жайга жумасына 500 доллардан төлөп жатат. Аларды эмне себептен чыгарбай турушканын айтпай жатышат.

«Унааларыбызды кармагандан кийин беш күндө бошотобуз дешкен. Андан соң кайра он күн деп айтышты. Биринчиден, унаалардын кармалышы тууралуу акт берилген жок. Бул — «мыйзамсыз кармап жатат» дегенди билдирет. Кандай себептен улам унаалар кармалып жатканы белгисиз болууда. Анын кесепетинен кайсыл жакка да кайрылууну билбей жатабыз. Биз алар сураган документтердин баарын көрсөттүк. «Экспорттук декларацияны бергенден кийин өткөрөбүз» дешкен. Бирок ал кагазды бергенден кийин да өзгөрүү болгон жок».

АКШдан Европа аркылуу автоунаа ташуучу «Интеркар» ишканасынын директору Данияр Салякаев мындай абал Беларустун бардык өткөрмө бекетинде болуп жатканын айтат.

Салякаев Евразия экономикалык комиссиясы да болгон окуяга көңүл бурушу керектигин, ишкерлер мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн ЕАЭБ сотуна кайрылууга даяр экенин билдирди.

«Мен жүздөгөн унаа ээлеринин атынан кайрылып жатам. Беларусь аркылуу экспорттолуп келүүчү транспорт каражаттары үчүн тоскоолдуктар жаралууда. Жеңил автоунааларды эле эмес, жүк ташуучу унааларды да ташып келүү оор болууда. Беларусь аймагына киргенде эле ал жактын бажы кызматкерлери тарабынан кармалып калууда. Алар эч кандай документтерди толтурбай туруп, дароо эле унаа токтотуучу жайга токтотуп коюшту. Эгер бизге себеби белгилүү болсо, кийинки кадамдарды ошого жараша кылмакпыз. Учурда кайсыл жакка кайрылышыбызды билбей жатабыз».

«Каромото» унаа ташуучу ишкананын жетекчиси Максим Фоминских ишкерлер Кыргызстандын өкмөтүнөн бул кырдаалга көңүл буруп, маселени жакын арада чечип берүүнү суранып жатышканын айтты.

«Жүздөгөн унаа ээлери автоунаа сатып алууга ири суммадагы акча короткон. Беларусь бийлиги мындай аракеттерди негиздөөчү документтерди көрсөтпөстөн, автоунааларды, контейнерлерди кармашууда. Соттун чечими жок эле алар «дос өлкөнүн» жарандарынын мүлкүн конфискациялап жатышат».

Маселенин чоо-жайын аныктоо үчүн Мамлекетик бажы кызматына кайрылдык. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлзада Чубакова бүгүн унаалардын кармалуу себебин аныктаган жана аны чечүү жолдорун талкуулаган жолугушуу өтөрүн кабарлап, ушундан кийин гана кенен маалымат берүүнү убада кылды.

«Азыркы учурда Беларусь Республикасында Кыргызстанга багытталган 500дөн ашык унаанын кармалышы боюнча бажы жетекчилигинин орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле бүгүн саат 17:00дө борбордук аппараттын имаратында «Акипресске» кайрылуу жасаган ташуучулар менен жолугуп, 500дөн ашык унаанын кармалышы жана тариздөөнүн тууралыгы жөнүндө маселени талкуулашат. Бул жолугушуу өткөндөн кийин кененирээк маалымат беребиз».

Кыргызстандын Беларустагы элчилиги бул кырдаал боюнча комментарий берип, кошумча текшерүүлөргө ташылган транспорт каражаттарынын наркынын төмөн болгону себеп экенин билдиришти.

Учурда маселени чечүү максатында Кыргызстан менен Беларустун бажы кызматтарынын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM