Кыргызстандагы учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири — каржылык сабат. Бул жаатта терең билим албагандын, сабатсыздыктын кесепетинен алданып калгандар, мүлкүнөн айрылып калгандар байма-бай кездешип келет. Андыктан экономисттер, балдар психологдору адамдын каржылык сабатын жоюу үчүн кичинесинен үйрөткөн туура болорун белгилешет. Ал үчүн ата-эне балдары менен каражат кайдан келерин, акчаны кантип таап, үй-бүлөнү кантип камсыздап жатышканын ачык сүйлөшүп, кээде ишине алып барып көргөзүп, бул жаатта үй-бүлөлүк талкуу уюштуруп турушу керек. Андан тышкары кайрымдуулук иштерге катыштыруу аркылуу да баланын акча жаатындагы түшүнүк, көз карашын калыптандырса болорун айтышат адистер.
Үч баланын атасы, көз доктур Азиз Юлдашев «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду уюштурган иш-чараларга калтырбай катышып турат. Ал эки-үчкө толгондон баштап эле балдарын да акцияларга чогуу алпара баштаганын айтат. Мындагы максаты балдарын кайрымдуу, мээримдүү болууга үйрөтүү менен катар, каржылык сабатын эмитен калыптандыруу экенин, себеби адам укканынан мурда көргөнүн жасай турганын белгиледи.
«Ата-эне катары кичинекей салымыбыз: жаш кезинен кайрымдуу, мээримдүү болууга үйрөтүү. Үйдө кайрымдуулук үчүн атайын кутучабыз бар. Балдарым мектепке деп берген акчанын 20-30 сомун кутучага салышат. Бул күнүмдүк адатыбыз болуп калды. Буюрса, туура тарбия берип жатабыз деген ойдомун. Финансылык сабаттуулук да жатат, албетте. Себеби бул аркылуу бала үнөмдөгөндү үйрөнүп, акчасын керексиз нерселерге коротпой калат».
Эстрада ырчысы Каныкей Алымбекова эки жылдан бери баласын да кайрымдуулук иш-чараларына катыштырып келет. Ырчы эне-бала ортосунда ушул темада сүйлөшүү болуп, уулуна кайрымдуулуктун маанисин түшүндүргөндөн кийин ал кутучага акча чогулта баштаганын билдирди.
«Балам менен сүйлөшүп түшүндүргөм. «Кээ бир балдардын керебети, үйү жок; кээ бир балдардын ата-энеси алыста жүрөт; ооруп калган адамдар да бар; кел ошолорго жардам беребиз», — деп түшүндүрүп айткам. Ошондон бери өзү жакшы көңүл бөлүп, чогултуп жатат».
Экономист Расул Түлеевдин айтымында, өнүккөн мамлекеттер «каржылык сабат» сабагын мектеп программасына эчак эле киргизишкен. Аларда балдар каржы боюнча мектептен эле окуп чыгышкандыктан кийин турмушунда олуттуу көйгөй болбойт. Ошол эле учурда ата-эне да балдары менен бул жаатта маектешип, кээде атайын ыкмаларды колдонуп турушу зарыл.
«Бала каржылык жактан сабаттуу болушу үчүн ата-эне өзүнүн мисалында көрсөтүшү керек. Алар кайдан акча таап, кайда коротуп жатканын балдары менен сүйлөшүп, талкуулап турушу керек. Акчаны жөн эле берип коюу туура эмес. Мисалы, ата-эне берген акчага шоколад алып жейби же аны чогултуп, велосипед сатып алабы, бала менен сүйлөшүү керек. Балдарга жаш кезинен акчаны туура колдонууну адат кылып алууга үйрөтүү керек. Шыгына жараша бир нерселерди саттырып, эсептетип койгон эң туура. Мисалы, коён бактырып же жашылча өстүртүп. Анткени бала практика жүзүндө көрүп жатат. Ата-эне колдоп, балага жеке бюджетин башкарганга мүмкүнчүлүк берип койсо, келечеги үчүн чоң салым болот. Ошондой эле балага бөлүшкөндү үйрөтүүнүн эң таасирдүү жолу кирешенин бир канча пайызын кайрымдуулукка же жакшы иштерге жумшап туруу болуп саналат. Албетте, ал иштерди бала да көрүп, өзү да аралашканы натыйжалуу болот».
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып эскертерибиз, каржы адам баласынын күнүмдүк жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Андыктан аны пайдалануу, туура иштерге жумшоо жаатында терең билим болгону дурус. Дүйнөлүк тажрыйбада ири ишкерлер тапканынын канча бир пайызын кайрымдуулук иштерге жумшап турушары белгиленген. Себеби башкалар менен канчалык бөлүшө билсе, киреше да ошончолук өсөрү иш жүзүндө далилдегенин айтышат алар.