Биз менен байланышыңыз

Amnesty International: Сын айтуу чектелип, басма сөзгө басым күчөдү

Саясат | 30 Мар 2023 | 552 | 0

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму дүйнө жүзүндө 2022-2023-жылдарга карата адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстанга өзүнчө бөлүм берилип, мамлекетте массалык маалымат каражаттарынын сынына жол бербөө үчүн мыйзамдар колдонуларын жазышкан. Ошондой эле баяндамада республикадагы адам укуктарынын негизги бузулуштарын бирден санап чыгышкан. Алар кайсылар? Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун Кыргызстандагы адам укуктарынын 2022-2023-жылдарга карата абалы боюнча жарыялаган баяндамасында тынч митингдерди өткөрүүгө олуттуу чектөөлөр коюлуп жатканы белгиленген. Ошондой эле чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардан отчёт алуунун жаңы түрлөрү киргизилгени, бийликти сындаган журналисттер менен активисттер социалдык тармактарда чабуулга жана негизсиз куугунтукка кабылганы, сөз эркиндигинин чектелиши, коомдук ишмерлердин маалымат каражаттары аркылуу сын айтуусуна бөгөт коюла баштаганы көрсөтүлгөн.

Бишкек мэриясы март айында коомдук жайларда, анын ичинде парламент имаратынын, президенттик администрациянын, Орусия элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган. Кийинчерээк бийлик Максим Горький аянтынан башка бардык жерде тынч митинг уюштурууга бөгөт койгон.

Өткөн жылдын март айында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго «майда бейбаштык» жана «укук коргоо органдарына баш ийбөө» беренелери менен 6 миң сом айып салынган. Ал эки жылдан бери кандайдыр бир акцияларды уюштурган жарандарды камоо уланып жатканын айтып, өзү да жабыркап келе жатканын жашырган жок.

«Мындан бир канча жыл мурда эле «Кыргызстан — Орто Азия чөлкөмүндөгү демократиялык аралча» деп аталган болчу. Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарына болгон кысым, блогерлерге болгон кысым күчөдү. Ал гана эмес, өзүнүн ой-пикирин билдирүүнү самаган жөнөкөй жаран каршылык иретинде акция уюштурса, камакка алынат. Мен да мындай окуяга эки жылдан бери кириптер болуп келе жатам. Өзүмдүн ыкмам менен бийликтин же башка бирөөнүн туура эмес аракети үчүн жалгыз митингге чыгып, даректүү кайрылам. Кемпир-Абад суу сактагычы, Украинадагы согуш, иши кылып, коомдогу терс көрүнүштөргө терс пикиримди айтсам эле көчөдөн милициялар кармап кетишет. Сотторго кайрылдым, «карга карганын көзүн чукубайт» дегендей, биринчи инстанциядагы чечимди экинчи инстанция да кайталап чыгара берет экен. Учурда мени 6 миң сом айып пул төлөөгө мажбурлашкан. Бирок мен аны төлөбөйм. Азыр мен Кыргызстандагы күч органдарынын жана сот органдарынын туура эмес иш-аракеттерин кат аркылуу жазып, эл аралык уюмдарга кайрылып жатам. Булар адамдын тагдырын оюнчук көрүшүп, өз билгендерин жасап жатышат. Бийлик муну токтотушу керек».

Ошондой эле баяндаманын авторлору өткөн жылдын октябрь айындагы Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо маселесинде коомчулуктун катуу нааразычылыгына карабай, келишимдин жана сүйлөшүүлөрдүн жабык өткөнүн, анын бардык пунктун ачык жарыялоону талап кылышкан 26 активистти бийлик «массалык башаламандыктарды уюштурган» деген шек менен негизсиз камакка алганын мисал келтирген.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын баамында, эки жылдан бери бийликке каршы сүйлөп койгондорго атайын беренелерди таап, камап коюп жатат. Ага мисал: УКМКнын тергөө абагына камалган саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү.

«Өзүңөрдүн оюңарды бийликке каршы айтпагыла» деген авторитардык-диктатордук ыкмаларды колдонуп, биринчи кезекте адам укугун жана эркиндигин басмырлап жатат. Экинчи жагынан, адам укугу бузулса, демократия бузулат. Эки жыл аралыгында биз авторитардык өлкөлөрдүн арасына кирип калдык. Бизде демократия жок, автократиялык саясий режим бар. Эми муну менен биз дүйнөдө репутациябызды жоготобуз. Демократиясы жок, өнүкпөгөн өлкөлөрдүн катарына киребиз. Экинчи жагынан азыр авторитардык өлкөлөр менен демократиялык өлкөлөрдүн ортосунда күрөш жүрүп жатпайбы. Демократиялык өлкөлөрдүн акчасы бар дегендей. Биз да ал жактан экономикабызга карыз алып келип жатканбыз. Мисалы, Дүйнөлүк банктан. Анын ичинде гранттарды алабыз. Эгерде адам укуктары ушундай бузулуп жатса, анда ал жакта да суроолор жаралып калышы мүмкүн. Алар «силерге бергенден көрө демократияга умтулган өлкөлөргө беребиз» деп койсо, биз эмне кылабыз?»  

Баяндамада Кыргызстанда медиа жана интернет эркиндигин чектеген учурлар катталганын, маалымат каражаттары жана журналисттер онлайн чабуулдарга жана басымга туш болуп жатканын, медиа кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоп, журналисттер менен маалымат каражаттарынын аткаминерлерди сындаганын токтотууга барышкандыгын белгилешкен.

Мындан сырткары Кыйноолор менен күрөшүү улуттук борбору абактарда өлүмдөрдүн көптүгүнө көңүл бурганын, убактылуу кармоочу жайлардын камераларынын үчтөн бири ным, караңгы жана начар желдетилген бөлмөлөр экенин айткан.

Июнь айында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси бийликтин Кыйноолор менен күрөшүү улуттук борборун жоюу пландарына тынчсыздануусун билдирген.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Кыргызстанда адам укугу жаатында трагедия болуп, түрмөлөр ыйлап жатканын айтат.

«Эмне үчүн жөнөкөй адамдар мыйзамсыз кармалып жатышат, эмне үчүн күнөөсү тактала электе, сот чечим чыгара электе түрмөлөргө салып коюп жатышат? Милиция, УКМК реформа жасамайынча, бул абал эч качан оңолбойт. Керек болсо советтик мыйзамдар да бүгүнкү күнгө чейин жарандарды катуу кыйнап жатат. Жөнөкөй жарандарды кыйнап, анан түрмөгө кетирүү системалуу коррупция болуп калды. Адамдарды сатуу, балдарды сатуу, аялдарды сатуу токтобой жатат. Критикасыз өкмөт Түркмөнстан же Беларусь болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мыйзамсыз камалган блогерлер, аялдар ушунчалык жапа чегип жатышат. Биз өкмөткө ишенгенбиз, анткени Садыр Жапаров камалган, Камчыбек Ташиев камалган, түрмөнүн кесепеттерин көрүшкөн. Биз 2005-жылы депутат мырзаны, Полотов мырзаны өлтүргөндө түрмөгө кирип, азырга чейин чыга албай жатабыз. Анткени түрмөлөр ыйлап турат. Мыйзамсыз камалган аялдар, түрмөдө төрөлгөн балдар болбошу керек. Анткени жакшы мамлекет жакшылыкка үндөп, түрмөнү азайтат».

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы «Айыл Банк» ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев жана саясат талдоочу Марат Казакпаев УКМКнын тергөө абагына түшкөндөн кийин каза болушкан. Мындан сырткары кримчөйрөдө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов абакта өлтүрүлгөн.

Жалпысынан баяндамада белгиленгендей, 2022-жыл Европа менен Борбор Азиянын эсинде согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы потенциалдуу кылмыштарды жасаган, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европага качкындардын эң көп толкунун жараткан жыл катары калган.

Copyright © 2017 Maral FM