Мамлекеттик мүлк фонду агенттик болуп кайра түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Президент 2021-жылдын 5-майындагы жасаган кайрылуусунда Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктөр жеке менчикке өткөрүлөрүн, андан соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын жарыялаган эле. Эки жылдан кийин чечим өзгөрүп, фонд агенттикке айлана турган болду. Бул чара мекемени оптималдаштырууга жана мүлктү башкаруу милдеттерин күчтөнтүүгө багытталганы айтылууда. Реформа канчалык туура? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги болуп кайра түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди. Бул чара мекеменин ишин оптималдаштырууга жана мүлктү башкаруу милдеттерин күчөтүүгө багытталганы белгиленген.
Эки жыл мурда эле президент Садыр Жапаров мамлекеттик мекемелерди жеке менчик натыйжалуу иштетерин экономикалык реалдуулук ырастаганын белгилеп, мамлекеттик ишканалардын түзүмү өзгөртүлүп, бир жыл аралыгында жеке менчикке өткөрүлөрүн айткан.
«Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң, жоюлушу керек. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо, министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм. Жогоруда аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет».
Президент Садыр Жапаровдун жаңы жарылыгы эки жыл мурда айткан оюна каршы чыгып, эми мамлекеттик мүлктөр түздөн-түз Министрлер кабинетинин башкаруусуна өтүүдө.
Кыргызстанда мамлекет башкарган бир да үлгүлүү объект жок деп эсептейт экономист Кубан Чороев. Анын айтымында, агенттикке өзгөртүүдө менеджментти да өзгөртүү керек. Мамлекетке керек делген ишканалар өлкөнүн карамагында калтырылып, эффективдүү эмес ишканалардан кутулуу зарыл.
«Бир топ жылдардан бери мамлекеттик мүлктөр боюнча иштер алып барылып келет. Бирок мамлекеттик мүлк деген өзү эле статусу айтып турат. Анын кайсы ишканасына барбайлы, алар 20-30 жылдан бери эч кандай өзгөргөн эмес. Кыргызстанда мамлекет башкарган бир дагы үлгүлүү объект жок. Ошондуктан мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын оңдосо, мүмкүн жакшы жыйынтык болор беле дейм. Бирок жеке менчикке эч качан жетпейт».
Бир ай мурун Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматына дайындалган. Ага чейин аталган фондду Мирлан Бакиров жетектеп келген.
Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбектин айтымында, өлкөдө түшүнүк, саясий система, мамлекеттик кызматкерлердин мотивациясы өзгөрбөгөндөн кийин мамлекеттик ишкананын аталышын өзгөртүү эч нерсе чечпейт.
«Бул маселе көптөн бери талкууланып, козголуп, бирок такыр чечилбей келет. Фонд азыр агенттик болуп жатпайбы? Демек, мамлекет, тагыраагы, мамлекеттик айрым башкаруучулар деп айталы, өзүнүн карамагындагы бир топ мүлктөн ажырагысы келбейт. Бул мүлктөрдө эски коррупциялык системалар сакталгандыктан, айрым адамдарга дагы деле «пайда» алып келет. Экинчиден, эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү башталса, коомдун да реакциясы катуу болушу мүмкүн. Мамлекет отуз жылда эффективдүү эмес менеджер экенин далилдеди, бирок коомдо «мүлк мамлекеттики болушу керек, жеке менчикке өтүп кетпеши керек» деген түшүнүк бар. Себеби бизде менчиктештирүү эч качан натыйжалуу жана адилеттүү өткөн эмес. Бир-эки киши гана пайда көрүп, коомго пайдалуу болгон эмес».
Мүлктү башкаруу фонду 1991-жылдын 21-январында түзүлгөн. Мекеме 32 жыл ичинде бир нече жолу реформаланып, формалык, түзүмдүк жактан өзгөрүүгө учураган. Учурда фонд мамлекеттин атынан экономиканын ар кандай секторлорундагы 42 чарбалык коомго акционер болуп келет.
Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги көзөмөлдөгөн 88 ишкана төмөнкү багыттарда иш алып барат:
- транспорт жана байланыш тармагында – 11;
- байланыш, телекөрсөтүү жана инновациялык кызмат көрсөтүү тармагында – 12;
- айыл чарба тармагында – 24;
- мамгеология тармагында – 2;
- башка кызмат көрсөтүүлөрдө – 39.