Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди

Экономика | 27 Мар 2023 | 749 | 0

Өлкөнүн ири шаарларындагы соода түйүндөрдө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын жетекчиси Рустам Балтабаев билдирди. 15-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөр үчүн соода түйүнүнө бонус катары төлөнө турган акы жоюлду. Буга чейин үстөк баадан сырткары 15% төлөнүп келген. Сый акы катары берилип келген төлөм «Глобус», «Элдик» жана «Фрунзе» соода түйүндөрүндө жокко чыгарылды. Бул мыйзамдын күчүнө кириши ишкерлер үчүн канчалык пайдасын берет?

Быйылкы жылдын 15-мартында президент Садыр Жапаров кол койгон «Ички соода жөнүндө» мыйзамга ылайык, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөр үчүн соода түйүнүнө бонус катары төлөнө турган акы жокко чыгарылды.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Рустам Балтабаев мурда өндүрүшчүлөр соода түйүндөрүнө бонус жана башкалар үчүн миллиондогон сомдорду төлөп келишкенин белгиледи.

Ал социалдык жактан маанилүү товарлар үчүн төлөнгөн сый акы алынганын, ал эми калган товарларга 5 пайыздык чек коюлганын айтты. Буга чейин 15% алынып келген.

«Бул маселени чечүү үчүн көп жолку аракеттер натыйжасыз калып келген. Бул биздин ассоциациянын «Ички соода жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү коргоо максатындагы бир жарым жылдык аракетинин натыйжасы. Эми бул мыйзамга ылайык, өндүрүштүн өнүгүүсүнө, сапаттуу азыктарды жана товарларды чыгаруусуна чоң өбөлгө түзүлдү. Буга чейин соода түйүндөрү өндүрүүчүлөргө атайын талаптарды коюп келген. Товар сатылгандан кийин үстөк баадан сырткары 15 пайызга чейин төлөнчү. Бул абдан көп каражат болот. Ушул маалыматты аймактардагы ишкерлерге жайылтуу керек. Себеби ал жактарда да соода түйүндөр ачыла баштаган. Ар бир ишкер мыйзамга таянып, товарын сатыкка койсо болот».

Ишкер Батырбек Сыдыгалиев бул мыйзам өндүрүшчүлөргө керек экенин, буга чейин соода түйүндөрүнө товарларды сатыкка коюу кыйын болгонун айтат. Ошондой эле ал мыйзам туура иштесе, ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер болорун кошумчалады.

«Бул мыйзам негизи керек болчу. Көбүнчө аймактардагы ишкерлерге оор болчу. Алар өндүргөн азык-түлүктөрүн соода түйүндөрүнө сатыкка коё албай кыйналышчу. Анткени ушул сыяктуу бонустар ишкерлерге тоскоолдуктарды жаратчу. Анын кесепетинен ишкерлердин өндүрүштөрү жерде калчу. Элге туура маалымат жетиши керек. Эгер мыйзам туура иштесе, анда ишкерлер үчүн жакшы».

Ал эми «Ишкер» бизнес ассоциациянын директору Хализ Кожобеков бонус катары төлөнө турган акы жокко чыгарылганы менен соода түйүндөрүнүн кирешеси өзгөрбөсүн белгиледи.

Анын айтымында, жергиликтүү өндүрүштү сатууда сырттан кирген азык-түлүктөр тоскоолдук жаратууда. Ошондуктан Кожобеков сырттан ташылып келген товарга чектөө киргизүү керектигин сунуштады. Себеби өлкөнүн рыногу ага туруштук бере албайт.

«Бул мыйзамдын соода түйүндөрү үчүн пайдасы деле, зыяны деле жок. Алар товарды арзандатышы мүмкүн. 15 пайызга болбосо да, 10 пайызга арзандашы мүмкүн. Товарларды сатуу өндүрүшчүлөр үчүн өтө оор болуп калды. Себеби атаандаштыкка туруштук бере албай калды. Өзбекстандан азык-түлүктөр жана башка өндүрүштөр кире баштады. Тажикстандан Өзбекстанга өтүп, кайра Кыргызстанга келип жатат. Бул биздин өндүрүшчүлөргө атаандаштыкты жаратууда. Ал эми биздин өндүрүш андай атаандаштыкты көтөрө албайт. Өзбекстан, Тажикстандын товарлары арзан».

«Ички соода жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Ага өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси 10 жылдан бери көтөрүлүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM