Биз менен байланышыңыз

Жаңы сунуш: Казинолордун салыгы бир канча эсе азайтылат

Экономика | 24 Мар 2023 | 791 | 0

Экономика жана коммерция министрлиги сунуштаган кумарканалардын салыгын азайтуу боюнча токтом долбоор бүгүн коомдук талкууга коюлду. Министрлик мындай өзгөртүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында киргизилип жатканын, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык өлчөм иштелип чыкканын билдирди. Айрымдар бул токтом долбоорун колдосо, кумарканалардын салыгын азайтууга жүйө жок экенин айткандар да болууда.

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтомдун долбоорун 24-мартта коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, бааларга төмөнкүдөй өзгөртүү сунушталды:

Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:

2023-жылы – 450 000 сом (азыркы талап боюнча 1 млн сом);

2024-жылдан тарта – 600 000 сом ( азыр 1 млн 250 миң сом).

Оюн автоматтары жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн:

2023-жылы – 10 миң сом (азыр 75 миң сом);

2024-жылдан тарта – 15 миң сом (азыр 100 миң сом).

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эмне себептен казинолор үчүн салыктын көлөмүн азайтуу сунушталып жатканын түшүндүрдү.

«Жаңы башталышында инвесторлорду тартып келүү максатында салыкты азайтуу каралууда. Мындай өзгөрүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүрүп жатат. Ошондой эле өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык өлчөм иштелип чыккан».

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков көпчүлүк ишкерлер казинонун салыгы жогору болгонуна байланыштуу бул тармакка инвестиция кылбай жатышканын белгиледи.

Анын айтымында, эгер кумарканалар салыктын айынан иштебей жатса, анда аны азайтуу керек.

«Казинолорду ачып жатканда салык көп түшөт, жумушчу орундар түзүлөт, экономикабызда кандайдыр бир жылыштар болот деген максат болгон. Аларга болгон салыктын азайышы өлкөдө эч ким казино ачпай жатканына байланыштуу. Себеби кумаркана ачуу оор жана ага бир топ убакыт керектелет. Бир канча жылдан бери казино ачып, инвестиция кылгандар боло элек. Ушундай себептерге байланыштуу салыкты азайтуу аракети көрүлүп жатса керек».

Ал эми экономист Төлөнбек Абдыров кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтууга себеп жок деген ойдо. Ал казинолордун эмес, өндүрүш, айыл чарба тармагында иш алып баргандар үчүн салыктарды азайтууну сунуштайт.

Ошондой эле Абдыров эгер казиного адам келбесе, анда жаап салуу керектигин кошумчалады.

«Мыйзам киргизилип жатканда салык аркылуу мамлекеттин бюджетин алдыга жылдыруу болчу. Бирок ага элдин көпчүлүгү каршы чыгышкан. Азыр кайра салыкты азайтуу сунушталганы туура эмес ой-пикирлерди пайда кылып жатат. Эмне себептен башында ойлонушкан эмес, башында туура эсептеп, салыктын көлөмү белгилениши керек болчу. Эгер киши келбесе, анда жабуу керек. Кыргызстанда казинолордун иштешине зарылчылык жок. Канча жылдан бери эле казинолор иштеп келген. Андан мамлекеттин казынасы байып же чөгүп кеткен жок».

Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген мыйзамдарга президент Садыр Жапаров былтыр 30-июнда кол койгон.

Мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылган.

Кумарканаларды балдар бакчасынын, мектептердин, университеттердин, маданий, медициналык жана диний мекемелердин ичине же жанына, ошондой эле турак жай имараттарына ачууга болбойт.

Оюн-зоок жайларына кыргызстандыктар, 21 жашка чыга элек чет элдик жарандар, ишке жараксыз чет элдиктер кардар катары кире албайт.

Copyright © 2017 Maral FM