Connect with us

Өкмөт экономикалык өсүүнү 3,5% деп болжолдоду. Экономисттердин пикирлери

Экономика | 24 Мар 2023 | 577 | 0

Быйыл өлкөдөгү экономикалык өсүш 3,5%га жетери күтүлүүдө. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты. Айрым эл аралык каржы институттары буга чейин Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн төмөндөшүн болжолдоп келишкен.

Айрым экономисттер жыл аягында өсүү байкаларынан үмүт кылышса, айрымдары мындай божомолдорду айтуу эрте экенин белгилешүүдө. Экономикалык өсүш эмненин негизинде болот? 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айткандай, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү төмөндөйт деп болжолдоп келишкен. Дүйнөлүк банк – 5%га, Эл аралык валюта фонду – 0,9%га басаңдашын болжогон. Бирок көрсөткүчтөр кыйла алгылыктуу болду.

«Бул божомолдорго карабастан, улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчёттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү алдын ала статистикалык маалыматтарга ылайык 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү. Муну менен биз 1 трлн сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык».

Быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан. Анда 2023-жылы 3,2%дан 3,5%га жана 2024-жылы 3,8%га чейин болот. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 2023-жылга өсүш мурдагы 3,4%дын ордуна 3,5% деңгээлинде, 2024-жылга өсүш 4% деңгээлинде болжолдонууда.

2023-жылга экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө.

Экономист Расул Түлеев быйыл экономикалык өсүш болоруна  көзү жетет. Анын айтымында, Кыргызстан жана Борбордук Азиядагы өлкөлөр көп жылдан бери кризиске кабылып, мындай абалга көнүп калышкан, ага карабастан ишкерлер киреше табуу, өндүрүшчүлөр продукциясын көбөйтүү үчүн ыгын таап иштеп келишкен.

Түлеев эгер өкмөт бизнес ээлерине дагы да көбүрөөк колдоо көрсөтсө, жылдын аягында экономикалык өсүш 3,5%дан да жогору болорун айтат.

«Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга, Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштуу кыргыз ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Тактап айтканда, Орусияга импорт чектелип, Европа жана Америка мамлекеттеринен товарлар кирбей калды. Ошол бош базарды кыргыз бизнес өкүлдөрү ээлегенге шарт түзүлдү. Мунун аркасы менен жылдын аягында экономикалык өсүш 3,5%дан да жогору болушу ыктымал».

Дагы бир экономист Мээрим Абыкеева экономикалык өсүштөр бюджетте жана ички дүң продукцияда да болоруна ишенет. Ал бул көрсөткүчтөрдү санариптештирүү багытында жасалып жаткан аракеттер менен байланыштырат.

«Экономикалык өсүш айрыкча бюджетте болот деп ойлойм. Себеби, бардык жерде санариптештирүү киргизилген. Салыктык көзөмөлдөө киргизилди, тагыраагы, электрондук патенттер, декларациялар, элетрондук товардык-транспорттук коштомо, контролдук-кассалык машинкалар. Башкача айтканда, бардык тармакта, салык жана бажы чөйрөсүндө көзөмөл күчөп, бизнес системасынын эсебин, акча каражаттарынын кыймылын активдүү жүргүзө баштады. Ошондуктан экономикалык өсүштөрдүн эң негизги фактору — бул санариптештирүү».

Кыргызстандын бийлиги соңку эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттендирип жатат. Быйыл ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди.

Буга каршы Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Экономист Искендер Шаршеев быйыл өкмөт экономикалык өсүштү 3,5%га жеткирүүнү максат кылып жатканын, бирок муну далилдей турган анализ жок экенин белгиледи.

«Муну талдоо үчүн атайын анализ жүргүзүү керек. Бирок азыр убакыт келе элек. Себеби март айынын аягында же апрель айларында 2022-жылдын жыйынтыктары чыгат. Ошонун негизинде анализ кылып, экономикада өсүштөр кайсы тармакта кандай, канча болуп жатканы боюнча чечимдерди чыгарса болот. Азыр болсо маалыматтар жана көрсөткүчтөр жетишсиз. Балким өкмөттө мындай маалыматтар бардыр, бирок негизинен айтуу кыйын».

Расмий маалыматка ылайык, былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM