Бүгүн, 24-март — кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда кургак учукка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда, ал эми эң азы Ысык-Көл облусунда катталган. Дарыгерлердин айтымында, бул илдеттин көбөйүшү социалдык шартка байланыштуу. Элдин турмушу жакшырса, кургак учук менен ооругандар да азаят.
Ысымын атагысы келбеген каарманыбыз жети жылдан бери Москва шаарында эмгектенип, үй-бүлөсүн багып келген.
«Көп жылдар бою Москвада жүрүп калдым. Ал жакта ар кандай жумуштарда иштедик. Октябрь айынан тарта жөтөлө баштадым. Ооруканага барып текшерилдим, ал жактан «өпкөңдө өзгөрүүлөр бар» дешти. Пневмония деп кыйла жолу дарыландым. Алар «кургак учукка күмөн болуп жатат» дешти, компьютердик томографиядан өтүп, кургак учук экенин билдим. Шартка байланыштуу эки ай кармалып калдым. Жөтөлүм күндөн-күнгө күчөй берди, ар кайсы дарыны алып ичип жаттым, бирок жардам берген жок. Кыргызстанга келип анализ тапшырганда, оору чыгып калды. Ошондон бери дарыланып жатам. Он күндүн ичинде эле жөтөлүм басаңдап калды. Өзүмдү жакшы сезип, кадимки жашоого кайтып калдым. Биринчи укканда жашоо бүтүп калгандай эле сезилген. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей калган».
Жумушуна эрте келип, кеч кеткен мигрант убагында тамактанбаганын, бирде бар, бирде жок, өп-чап күн кечирип келгенин айтат.
«Жумуштан кеч келесиң, эртең менен жумушка тамактанбай эле барып калган учурлар болду. Ар кандай адамдар менен жашадым, ошолордон жукту го, аны биз билбейбиз. Келгенде жакындарымдыкына деле барган жокмун. Түз эле ооруканага бардым. Дарыгерлер: «Бул оорудан толук сайып кеткенге мүмкүнчүлүк бар», — дешти. Ал үчүн туура тамактанып, дарыны убагында ичип, анан убагы менен уктоо керек. Дарыларды жакшы көтөрүп жатам. Эртели-кеч сейилдөөгө чыгып, тамакты убагында ичип, буюрса жакшы».
Улуттук фтизиатрия борборунун психологу Гүлзат Кыдыралиева адам ооруну канчалык позитивдүү кабыл алса, ошончолук эрте сакаярын белгилеп өттү.
«Кургак учук илдетине алгач кабылгандар депрессияга түшөт. Анткени көп дары ичишет. Ошол учурда жакындарынын колдоосу керек. Оорулуу адамдын маанайы канчалык жакшы болсо, ошончолук бат сакаят».
Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Гүлайым Абдылдаеванын айтымында, кургак учук жугуштуу оорулардын бири, ал 90% аба аркылуу жугат. Жаш балдардын, улгайып калгандардын иммундук сиситемасы төмөн болгондуктан жугуу ыктымалы жогору болушу мүмкүн. Бирок ооруга чалдыккан адам жашырбастан дарыгерге кайрылышы кажет. Канчалык эрте аныкталса, дарылоо жеңил жүрөт.
«Кургак учукка чалдыккандарды «жугузат» деп басынтуу туура эмес, себеби кургак учук толук түрдө сакаят. Дарыларыбыз жетиштүү, өкмөт баарын бекер берет. Ооруган киши тартынбай эле айтуусу кажет. Оору канчалык эрте аныкталса, ошончолук жакшы болот».
Бейтап гигиенаны сактап, жакшы тамактанып, таза абада көп жүрүшү зарыл. Анын тамагында жаныбар белогу жетиштүү болууга тийиш. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаны чийки жеп, же ширесин ичүү пайдалуу. Мындан тышкары А, В1, В2, В6, С витаминдерин, ал эми тери кургак учугунда Д витаминин да алуу керек. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл.