Бишкекте зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын ата-энеси соттон акыйкат чечим талап кылат.
Былтыр март айында бул ишке шектүү катары төрт адам кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери, бирөө «Дордой» базарында күзөтчү жана төртүнчүсү официант болуп иштеген.
Райондук соттун чечими менен милиция кызматкерлери 15 жылга жана күзөтчү 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Төртүнчү адам 8 жылга соттолгон.
Ал эми быйыл январь айында Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, аларга 6 жана 9 жыл берген.
Ага байланыштуу жабырлануучу тарап менен прокуратура Жогорку Сотко кассациялык азыр берип, Бишкек шаардык сотунун чечими мыйзамсыз экенин билдиришкен. Окуянын чоо-жайы, ата-энесинин кайрылуусу жана жарандык коомдун пикирине алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин ишин карады. Ага байланыштуу 22-мартта жарандык активисттер соттон акыйкат чечим талап кылып, митингге чыгышкан.
Нааразы тарапка Жогорку Соттун алдында акция өткөрүүгө уруксат берилген жок. Мындан улам алар кайрылуусун соттун тушундагы сейил бакта жасап, күч кызматкерлерин катаал жазага тартууну талап кылышты.
Окуянын чоо-жайына социолог Нурзада Сыдыкбекова токтолуп, милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтү кыскарганын сынга алды.
«Былтыр март айында 13 жашар кыз зордукка кабылган. Аны төрт эркек бир нече ай бою зордуктап келишкен. Алардын арасында эки милиция кызматкери болгон. Башка эки адамга жаза мөөнөттөрү берилди, ал эми милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүн 15 жылдан 6 жылга кыскартып жатышат. Биз буга каршыбыз. Жашы жете элек кыздарды зордуктагандарды өмүр бою эркинен ажыратуу чечими кабыл алынышын талап кылып жатабыз».
13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды жазага тартууну талап кылган алгачкы митинг былтыр 8-июлда өткөн. Анда жарандык коом, укук коргоочулар өспүрүм кызды узак убакыт кордогону айтылган милиция кызматкерлерин жана дагы эки адамды адилеттүү жазалоону талап кылышкан.
Андагы акциядан айырмаланып, укук коргоочулардын 22-марттагы иш-чарасы үнсүз өттү. Он чакты активист, укук коргоочу «Соттон адилеттикти талап кылабыз!» «Сот, акыйкат бол!» деген өңдүү талап, кайрылуулар жазылган плакаттарды кармап, үнсүз турушту.
22-марттагы соттук отурумга кыздын ата-энеси да келип, соттон акыйкат чечим талап кылышты.
Кыздын атасы айыпталуучуларга 5-6 жылдык жаза бериле турган болсо, алар кийин эркиндикке чыкканда, өзүнүн ыплас иштерин кайра жасашы мүмкүн деп кооптонот. Андыктан педофилдерге катаал жаза берилишин колдойт.
Ошондой эле эки милиция кызматкерине жазаны жеңилдеткен шаардык сотко нааразы экенин билдирди.
«Райондук сот 15 жылдан берген. Буга чейин барбаган жерим калган жок. 10 жылдык өмүрүмдү алып койду. Айла жок 15 жылга макул дейт экенсиң. Бирок аны аз деп эсептейм. Өмүр бою эркиндигинен ажыратылса жакшы болмок. Себеби 10-15 жыл берсе, кайра кайтып келип, дагы башка наристелердин тагдырын талкалабайт деп ким кепилдик бере алат?
Кызымдын бат ачуусу келип калды. Биз менен мамилеси да бир аз терс. Булар анын психологиясын бузуп салышты, талкалап коюшту. Мурда шайдоот кызым болсо, азыр ойлуу жүрөт, бир нерсе айтсаң, терс кабыл алат».
Соттук отурум кечээ, 22-мартта өтмөк. Бирок процесс 5-апрелге жылдырылды. Анын себебин Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шугуралиева мындай түшүндүрдү.
«13 жашар кызга байланыштуу иш кечээ Жогорку Сотто каралган. Жаза мөөнөтү кыскартылган милиция кызматкерлери жаңы жактоочу алгандыктан, ал иш менен толук таанышуу үчүн убакыт сураган. Ошол себептен соттук отурум 5-апрелге жылдырылды».
13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкерин Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспекторун жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык кызматкерин Свердлов райондук соту бул ишке айыптуу деп таап, былтыр 30-августта ар бирин 15 жылдан жалпы режимдеги абакка кескен.
Эки милиционер райондук соттун өкүмүнө нааразылыгын билдирип, шаардык сотко кайрылышкан.
Бишкек шаардык соту 12-январда апелляциялык арызды карап, эки милиция кызматкеринин жазасын жумшартып, мөөнөттөрү кыскарган чечим чыгарган.
Шаардык сот эки милиция кызматкеринин ишиндеги райондук соттун Кылмыш кодексинин 164-беренеси — «он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттери» үчүн айыптуу деп табылганын алып салган. Анын ордуна Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренеси — «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» менен каралган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай үрөй учурган окуяларда жалпы мамлекеттик органдын жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде. Бир гана айыпталуучу милиция кызматкерлери эмес, аларды окуткан, үйрөткөн жетекчилер четте калып кете бергени, аларга карата чара көрүлбөгөнү туура эмес деп эсептейт.
«Бул жерде мамлекеттик кызматтагылардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин моралдык жактан туруктуулугу, жоопкерчилиги жөнүндө сөз болушу керек. Ошондуктан канчалык деңгээлде милиция кызматкерлери өз ишин туура аркалаган, башка кызматкерлерге канчалык деңгээлде сабак болду деген нерселерге өтсөк натыйжалуу болмок. Жоопкерчилик бир гана жосунсуз ишке барган кызматкерге эмес, аны окуткан, үйрөткөн, тарбия берген жетекчисине да жүктөлүшү керек».
Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.