Биз менен байланышыңыз

Өкмөт көп кабаттуу имараттар боюнча жобо иштеп чыгат

Коом , Экономика | 16 Мар 2023 | 727 | 0

Эми батирлер сатыкка үй толук салынып бүткөндөн кийин коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди.

Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер пайдубалы тургузулган кезде эле сатыкка коюлуп, натыйжада айрым курулуш компаниялары убадаларын так аткарбай, жарандар же үйдөн жок, же акчадан жок калган учурлар көп болууда. Башаламандыкты жөнгө салуу үчүн өкмөт кардардын укугун коргогон «Көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жөнүндө» жобо жазып баштады.

Наргиза Сабирова Баткендеги окуядан кийин үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келген. Үй алуу максатында курулуш компанияга баш-аягы 400 миң сом төлөгөн. Алар бир жылда үйлүү кылышмак. Бирок компания убадасына турбай, ишти создуктуруп келүүдө. Наргиза Министрлер кабинети жазып жаткан жобону толук колдоорун айтат. Себеби ага окшоп каражаттан жок же үйдөн жок калгандардын көбөйүшүн каалабайт.

«Тажикстандын Навабад аймагында жашачубуз. Өздүк документибизде «кыргыз жараны» деп жазылгандыктан, ал жактагы үйдү сатууга уруксат бербейт. Ал жактан качып чыгып, Баткенде батирде турчубуз. Кийин чек ара окуясынан кийин Бишкекке келгенбиз. Үй ала албай кыйналып жатабыз. Бир курулуш компанияга 400 миң берип, алданып калдык».

«Бишкек курулуш» ачык акционердик коомунун башкы директору Аскар Молдобаевдин айтымында, бардык компаниянын капчыгында үйлөрдү салууга көп өлчөмдөгү каражат боло бербейт. Бул жобо куруучуларга кыйынчылык жаратып коюшу ыктымал. Анткени курулуш иштерине каражат банктардан алынат. Акчасын төлөп үй ала албай жаткандарды Өкмөт көзөмөлдөшү керек, себеби имараттар мамлекеттин уруксаты менен салынат.

«Биринчиден, курулушчулардын чөнтөгүндө 200-300 миллион ашыкча акча болбойт. Өзүнүн капчыгынан кургандарды уга элекмин. Компаниялар үйдү курарда банктардан каражат алышат. Мисалы, куруучу 10-15 жылга насыя алат, бүткөндөн кийин киреше көрөт. Ага чейин насыяны төлөшү керек болот. Бардык курулуш ушундай таризде кетет. Ал эми акчасын берип үй ала албай калгандарды мамлекет өзү көзөмөлдөшү керек. Себеби куруучу компаниялар алгач мамлекеттен уруксат алат. Кийин алар куруу иштерин баштайт. Жобо иштелип чыкса, куруучуларга кыйынчылык жаратып коюшу ыктымал».

Жобо күчүнө кирсе, курулуш компаниялары баштаган имаратын аягына чейин толук салууга милдеттендирилет. Ошондой эле үй толук бүтмөйүнчө сатыкка чыгарууга тыюу салынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда калктын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатканына байланыштуу имараттарга, жаңы курулуштарга муктаждык да болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Былтыр турак жай үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 млрд сом каралса, быйыл 8 млрд сом бөлүү пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM