Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

Экономика | 28 Фев 2023 | 640 | 0

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Банктын өкүлүнүн айтымында, өлкөдөгү инфляция салыштырмалуу бир калыпта кармалып турат. Ушул жылдын башынан тарта керектөө баалары 2,8 пайызга өсүп, инфляция жылдык мааниде 15,9 пайызды түздү. Мындан тышкары өлкөдө алтындын запасынын көлөмү тууралуу да маалымат берилди. 

Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алган.

Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты өлкө экономикасында инфляцияны шарттаган факторлорду чектөөгө багытталган. Бул чечим бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, мындай чечим өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берип, экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат.

Карабаева ички дүң өндүрүмдүн реалдуу өсүшүнүн темпи январь айынын жыйынтыгы боюнча 4,8 пайызды түзгөнүн белгиледи.

Өндүрүмдүн өсүшүнүн басымдуу бөлүгү өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлорунда катталган.

«Негизги чен-өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат. Өлкөдөгү инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат. Жыл башынан тарта керектөөлөрдүн баалары 2,8 пайызга өсүп, 17-февралга карата инфляция жылдык мааниде 15,9 пайызды түзгөн. Учурдагы инфляция жашылча-жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле ага мурда таасирин тийгизген факторлор кайрадан таасирин берип жатканын көрсөтүп жатат».

Улуттук банктын маалыматына караганда, кабыл алынып жаткан чаралар акча жана валюта рынокторундагы кырдаалды салыштырмалуу туруктуу кармап турууга өбөлгө түзүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар экени айтылды.

Карабаеванын айтымында, учурда банкта алтындын эки түрү бар.

«Банктын алтын-валюта резервинде 16 тонна (1-февралга карата 87,3 млрд сомго барабар) жана 138,5 млрд сомго барабар болгон алтындын кору бар. Акыркы жылдары Улуттук банк запастагы алтындын көлөмүн көбөйтүү саясатын жүргүзүп келет. Жогоруда айткан алтын Улуттук банкка тиешелүү».

Мындан сырткары банк жыл башынан бери төрт ирет интервенция жасаган. Бүгүнкү күндө Улуттук банктын эл аралык резервдери 2,6 млрд долларды түзөт.

«Эл аралык резервдердин курамына чет өлкөлүк валюта, алтын жана баалуу кагаздар кирет. Керек болгон учурда Улуттук банк улуттук валютанын курсунун серпилүүсүнө жол бербөө үчүн интервенция жасайт. Жыл башынан бери төрт ирет интервенция жасап, 227 млн долларды рынокко саткан».

Муну менен катар мекеме акча алмаштыруу жайларындагы абалды да көзөмөлдөп жатат. Буга байланыштуу бир жума мурун Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга жана эки жаранга айып пул салды. Маалыматка караганда, мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузганы үчүн эки акча алмаштыруучу жайга ар бирине 55 миң сомдон айып салынды.

Copyright © 2017 Maral FM