Биз менен байланышыңыз

Египеттеги мелдеш: Эрназар Акматалиев алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 27 Фев 2023 | 980 | 0

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Египетте өтүп жаткан Ибрахим Мусафа эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайтына жарыяланды.

Эрназар Акматалиев эркин күрөшү боюнча 70 кг салмакта мелдештин 1/8 финалдан турунан баштады. Ал алгач өзбекстандык балбанды 7:5, грузиялык спортчуну 14:7 эсебинде утса, жарым финалда кыргызстандык Орозбек Токмамбетовду 2:2 (акыркы упайды алган балбан жеңүүчү болот) эсебинде жеңген.

Финалда кыргыз балбаны америкалык Лукас Дакота Читтум менен кармашып, 10:0 эсебинде утуп Акматалиев алтын медалды багындырды.

Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков (82 кг) күмүш, Сыймык Махмудов (63 кг) менен Раззак Бейшекеев (67кг) коло, эркин күрөшү боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын жана Бекзат Алмаз уулу (57 кг) коло медаль уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM