Биз менен байланышыңыз

Куткаруучу: Түркиядагы сезимди сөз менен жеткирүү кыйын

Дүйнө , Коом | 21 Фев 2023 | 511 | 0

Бүгүн, 21-февралда Түркиядагы издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн кеткен Кыргызстандын куткаруучулары өлкөгө кайтып келишти. Мамлекеттен жалпы 188 куткаруучу жана 9 дарыгер барып, алар Түркиядагы зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш жана Хатай аймактарында кызмат өтөшкөн. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө кыргызстандыктар урандылардын астынан 8 адамды тирүү таап, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. 

Кыргызстандын куткаруучуларын Түркия мамлекетинен алып келген учак бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 2:30да жана 9:00дө «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Аларды өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган баштаган мамлекеттик кызматкерлер, куткаруучулардын жакындары, журналисттер жана башкалар чоң салтанат менен тосуп алышты.

Түркияга жардам берүү үчүн кеткен жубайын тосуп алууга келген Гүлзина Бейшеналиева ички сезимин төмөнкүдөй айтып берди:

«Эң башкысы, аман-эсен келсе экен деп тиледим. Куткаруучуларды ар кандай абалда көрсөтүп жатпады беле. Телефон менен байланышып жаттык, куткаруучу болгондуктан сезимин ачык айтпай жашырып жатты. Байланыш болбой калган учурда тынчсыздандык. Азыр болсо, Кудайга шүгүр!»

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенген полковник Бактыбек Абыкеевдин айтымында, куткаруучулар өз өмүрлөрүн тобокелге салып иштешкен.

«Абал биз күткөндөн да оор болду, «мынчалык болот» деп ойлогон эмес элек. Колдон келген жардамды берип келдик. Эки шаар толугу менен кыйрап калган. Биздин куткаруучулар тирүү жарандарды тапканда, «ар жагында дагы бар бекен, болсо алып чыгалы» деген үмүт менен урандылардын астына кантип кирип кеткендерин байкабай калып жатышты».

Республикалык куткаруу отрядынын медицина бөлүмүнүн фельдшери Канзада Чырмашова кыргызстандык куткаруучулардын ден соолугун көзөмөлдөп, аларга кам көрүп турган. Он эки күн кызмат өтөгөн Канзада биринчи күндөрү коркконун, элдин колдоосу ал сезимди жойгонун баяндады.

«Биз ал жакта он эки күн болдук. Башында коркуу сезим болгон. Бөлүнгөн аймакка баргандан кийин балдардын деми, элибиздин колдоосу менен күч пайда болуп, коркуу сезими жоголду. Балдар өз өлкөсүн куткарып жаткандай эле тыным албай иштеп жатышты. Биздин кызмат куткаруучулардын  ден соолугун көзөмөлдөө болду. Он эки сааттан, эки нөөмөт менен иштеп жаттык».

Дагы бир куткаруучу, улук офицер Канболот Жолдошев жер титирөө болгон аймакты сүрөттөп, жергиликтүү тургундар үмүт жанган көздөр менен аларга ишенип, жок дегенде жакындарынын сөөгүн чыгарып бергиле дегенин айтып, ал жактагы сезимдерди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

«Көп кабаттуу турак үйлөр урап калган, чөгүп кеткен. Биз ал жерде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатканда жакындарын издеген адамдар биздин жаныбызга келип, үмүттөнүп, «тирүү чыгып калар» деген ойдо акырына чейин күтүштү. Биз ар бир табылган жаранды каттап, туугандарына өткөрүп бердик. Хатай аймагындагы куткаруу иштеринде 12 күн урандынын астында жаткан беш адамдан турган үй-бүлөнү алып чыктык. Техника менен иштеп жатканбыз, «Куран» жатканын көрүп, техниканы токтотуп, кесиптешим алганы барганда үндөр чыгып, куткаруу ишин жүргүздүк. Беш адамды алып чыктык. Үч бала ата-энеси менен экен. Атасы, апасы жанан бир баласы тирүү экен, экөө каза болуп калыптыр. Бизди көрөрү менен эле дароо «Суу  бергиле!» деп кыйкырды».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери, офицер Нурзат Муратбекова Түркияда куткаруучулар менен бирге болуп, алардын эрдигин Кыргызстандагы маалымат каражаттарына жана коомчулукка чагылдырып турган. Ал бизге тирүү жаранды тапкандан кийинки куткаруучулардын сезимин айтып берди.

«Биздин куткаруучулар тирүү жарандарды тапканда аябай сыймыктанып, кубанып жаткандарына күбө болдум. Алардын сезимин сөз менен баяндап берүү кыйын. Биз эки нөөмөт менен күнү-түнү иштедик. Кечинде куткаруучулар келгенде маектешип турдум. Алардын көзүнөн кайгыны, муңду, ыйды көрдүм. Биздин куткаруучулар мал-дүнүйөнүн артынан жүрө берүү маанисиз экенин, адам заматта эле баарын жоготуп аларын толук аңдагандарын айтышты».

Айта кетсек, 6-февралда Түркия менен Сирияда очогундагы күчү алгач 7.8 баллга, андайын 7.6 баллга жеткен эки жолку жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйрап калган. Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстан 188 куткаруучу жана 9 дарыгер, андан тышкары башпаанек үчүн 124 боз үй, 5 тоннадан ашуун ар кандай гуманитардык жүк жөнөткөн.

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай аймагында кечээ, 20-февралда да эки жолу жер титирегени кабарланды. Алгач саат 20:04тө (Бишкек убактысы боюнча 23:04) 6.4 баллга жеткен жана андан көп өтпөй 20:07де 5.8 баллга жеткен силкинүү болгон. Маалыматтарга караганда, табият кырсыгынан 6 адам каза таап, 294 адам оор жаракат алган, алардын 18инин абалы өтө оор.

Copyright © 2017 Maral FM