Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө кыргыз тилин 7 миллионго жакын адам сүйлөйт

Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 322 | 0

Бүгүн, 21-февралда Эне тилдин эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКОнун 30-сессиясында кабыл алынган. 2000-жылдан бери эне тилге жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында бир топ өлкөдө белгиленип келет. Бул майрамды «бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп да аташат.

Бириккен Улуттар Уюму дүйнөнүн көп өлкөсүнө тараган жана эң көп адам сүйлөгөн тилдер катары кытай, хинди, араб, англис, француз, орус, португал, немис тилдерин эл аралык тил катары кабыл алган.

Ethnologue каталогунун эсебине таянып айтсак, 2020-жылы дүйнөдө 142 тилдик топко кирген 7151 тил катталган.   

Окумуштуулар акыркы убактарда 14 күндө бирден тил жоголуп кетип жатканын, Европада 50гө чукул тил жоюлуп кетүү коркунучунда турганын айтышат.

Кыргыз тили түрк тилдер курамындагы кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары 1989-жылы кабыл алынган. Андан бери өлкөдө 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү катары жыл сайын белгиленет.

Кыргыз тилин Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия, Кытай өңдүү өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздар да эне тили катары унутпай сактап келишет. Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз тилинде жети миллионго жакын адам сүйлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM