Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Бөтөн жерде жашыруун жолугушуу — уят нерсе (видео)

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Фев 2023 | 3788 | 1

Мамлекет үчүн иштейбиз деп жүргөн азаматтардын баары өздөрүнүн маселесин чечүү үчүн бөтөн жерге, элге барып, жашыруун түрдө жолугушуусу — өтө уят нерсе. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «Марал» радиосуна билдирди.

Мадумаров бул жолушуунун негизги максаты президенттердин тагдыры же мамлекеттин келечеги эмес деп эсептейт.

«Баарын бир жерге бириктирдим дегенден кийин бириктире турган касиеттүү кыргыз жери бар. Эгерде өмүрүнө же эркиндигине шек келбейт деген кепилдик беришсе, ушул жерде жыйналып, чечишсе да жакшы болмок. Жеке киши менен улуттун пикирин аралаштырбоо керек. Бири-бири менен кечиришсе, ал — алардын жумушу. Бирок аларды улут кечиреби?» — деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 18-февралда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, мурдагы президенттердин башын бириктиргенин жарыялаган. Ал муну элди элди ынтымакка чакыруу ниети менен түшүндүргөн.

Окуя коомчулукта катуу талкууга алынды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да Дубайдагы жолугушууга бардык президенттер келеринен кабарсыз барганын айтып, аягында коштошпой кетип калганын билдирген. Ал эми туңгуч президент Аскар Акаев бардык экс-президенттер аягына чейин отурганын айткан.

1 пикир

1 пикир

  1. Мээри

    21.02.2023 13:52

    Уятыңар жок экен, экс президенттер! Лден корктуңарбы өлкөгө ле келбейсинерби бири биринерди кечирүү үчүн???

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM