Connect with us

Насыяны күнүмдүк муктаждыктарга алгандар көбөйдү

Коом , Экономика | 20 Фев 2023 | 887 | 0

Банк секторунун кардарларынын насыя портфелинин көлөмү 2022-жылга карата 204 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук банк берди.

2021-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 23 миллиард сомго өстү. Кыргызстанда эң көп насыя соодага (56,2 миллиард сом), айыл чарба тармагына (37,1 миллиард сом) жана керектөө муктаждыктарына (33,1 миллиард сом) алынат.

Дагы 24,4 миллиард сом насыя ипотекага, 13,7 миллиард сом өнөр жайга жана 12,9 миллиард сом курулуш тармагына сарптоо үчүн алынган. Насыянын калган түрлөрүнө 26,8 миллиард сом туура келген.

Күнүмдүк муктаждыктар үчүн насыя алган жарандар эмнеге көбөйдү жана бул кооптуубу?

Бишкек шаарынан тургуну Руслан уулунун үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн банктан 100 миң сом насыя алган. Ал буга чейин да насыя алып келгенин айтып, эгер баяның таза болсо, акчаны бир күндө эле алса болорун айтты.

«Мен буга чейин деле кредит алып келгем. Мал чарбасына 500 миң, андан мурун 200 миң сом алгам. Күрөөгө үйдү койдум, малымды, короо-сарайымды бүт сүрөткө тартып, көрүп кетишчү. Өз убагында төлөнгөнү үчүн мага токтоосуз берет. Жакында эле уулумдун үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн 100 миң сом алгам. Тойго акчам жетпей калды, андан-мындан сураганга уялдым да, дароо банкка бардым. Барсам насыя баянымды көрүп эле «сизге бүгүн эле беребиз» деп, дароо беришти.  Ага той өткөрүп жибердим. Ай сайын 10 миңден төлөп отурам эми».

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү берилген насыянын дээрлик жарымын күнүмдүк керектөөгө колдонот. Расмий маалыматтарга ылайык, ар бир экинчи алынган насыя буюм-тайым сатып алууга, той-топур өткөрүүгө жумшалган. Ал эми айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда.

Керектөө насыясы адамдын күндөлүк турмушу үчүн зарыл буюмдарды сатып алууга берилет. Мындай насыя узак мөөнөткө колдонуучу товарларды (эмерек, тиричилик техникасы, уюлдук телефон, унаа, азык-түлүк ж.б.) сатып алуу үчүн эле эмес, окуу жайлардагы төлөмдөрүн төлөө, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү, саякат, турак жайды оңдоо өңдүү керектөөгө да алса болот.

Банк же насыя берүүчү уюм керектөө насыясын иштетүүнү көзөмөлдөбөйт жана анын максаттуу иштетилишине кызыкпайт.

Кыргызстанда керектөө насыяларын той-топур өткөрүү үчүн алгандар да көп.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Айсалкын жолдошу экөө насыя алууга аргасыз болгонун айтат. Төлөөгө келгенде бир топ кыйынчылыктарга тушукканын, насыяны жабуу үчүн жолдошу Орусияга кетип иштөөгө мажбур болгонун айтып берди.

«Биз 30 миңден төлөй баштаганбыз. Толук бир жарым жыл төлөдүк. Төлөгөнгө келгенде кыйынчылыктар болгон. Жашап жаткан үйүбүздү, иштетип жаткан ордубузду сатканга чейин барганбыз. Алган суммабыздан эки эсе көп кылып, кыйналып кайтарып бергенбиз. Кыйналган учурларыбыз аябай көп болду. Кредитти төлөйм деп жолдошум Орусияга барып иштеген учурлар да болду. Бизге «кийин жеңилдетип беребиз, жагдайыңыздарга карап үч айга токтотуп турсаңыздар болот» деген. Бирок андай деле болгон жок, тескерисинче, «бербесеңиздер ишиңиздер сотко кетет, андай-мындай» деген коркутуулардан улам биз бар нерсебизди сатып төлөгөнгө аракет кылганбыз. Насыяны өз эркибиз менен алганбыз, бирок ошол эле учурда ай сайын төлөгөнгө келгенде кыйналып калган учурлар көп эле болду».

Керектөө насыясы негизинен эки түргө бөлүнөт. Максаттуу насыя кардардын белгилүү бир керектөөсүнө багытталып, каражат анын колуна түз берилбейт. Банк акчаны сатуучуга же кызмат көрсөткөн тарапка которуп берет. Адатта мындай насыя дүкөндөр, туристтик фирмалар же жеке клиникалар аркылуу сунушталат.

Ал эми максаттуу эмес насыялоодо бөлүнгөн каражат кардардын колуна накталай берилип, өзү каалаган ишке жумшоого мүмкүнчүлүк берилет. Мындай насыялардын тобокелдиги чоң болгондуктан, аны берүүнүн шарттары катаалыраак жана пайыздык үстөгү көбүрөөк болот.

Өлкө казынасында акча жетишсиз болгондуктан, экономика өспөй жатат. Бирок жарандардын керектөө насыларын көп алып жатканы экономикага оң таасирин тийгизүүдө. Мындай пикирин экономист Расул Түлеев билдирди.

Ал эми экинчи жагынан алып караганда калктын каржылык сабаты өспөй жатканын, керектөө насыяларынын көп берилип жатышы кооптуу көрүнүш экенин белгиледи.

«Алынган керектөө насыялар кайсы жактарга, кайсы багыттарга жумшалып жатканы чоң маселе. Анткени, эгер биз насыя алып импорттук товарларды сатып алып жатсак, анда биз өзүбүздүн экономикабызды эмес, чет өлкөлүк экономиканы өнүктүрүп жатабыз жана дагы карызга батып жатабыз.

Кийинки максатсыз колдонуу деген маселе бар, анткени каржылык сабаттуулуктун деңгээлинен көп нерсе таасир этет. Ошол үчүн керектөө насыя болгону менен, максаттуу насыялар болсо – бул жакшы нерсе. Эмнеге? Анткени  жашоо деңгээли өсүп жатат».

Эксперттер керектөө насыясынын өсүшүнө негиз түзгөн калктын пандемиядан кийинки экономикалык жандануусу, банк системасынын кызмат көрсөтүүдөгү ийкемдүүлүгүнүн өсүшү өңдүү бир катар факторлорду белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM